Жайкы Азия оюндарында жеңил атлетика боюнча жеңишке жеткен Дарья Масловага медаль тапшыруу учурунда Кыргыз делегациясы болгон эмес деген маалымат жалган. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Нурдин Султамбаев билдирди.
Ал социалдык түйүндөгү талкуу башка өлкөнүн журналисттеринин ич күйдүүлүгүнөн улам келип чыкканын айтып, Кыргыз журналисттерин ушактын артынан түшүп албоого чакырды.
"Мен жаңы эле Индонезиядан келдим. Кыргыз журналисттери биздин спортчулардын ийгилигине кубанбай, кайдагы өзбек журналистинин ичи күйүп жазган ушагынын артынан түшүп алганы менин зээнимди кейитти. Масловага медаль тапшыруу учурунда Кыргыз делегациясы болгон эмес деген маалымат жалган. Чынында биздин делегаттар алыс болуп калгандыктан желек кеч берилип калды.
Кыргыз өлкөсүнүн тарыхындагы бардык рекордду басып өтүп, 16 медаль алып отурабыз. Биз ушуга кубанышыбыз керек", - деди Султамбаев.
Кечээ, 25-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында жеңил атлетика боюнча 10 миң метр аралыктагы мелдеште 8 спортчу ат салышкан. Анда Кыргыз өлкөсүнөн Дарья Маслова катышып, ал 10 миң метр аралыкты 32 мүнөт 7,23 секундда чуркап өтүп 1-орунду ээлеген.