Кол чатыр болбосо, чоң чатыр бар. Оштун көлөкөдө отурган жетекчилери сынга кабылды

Бүгүн, 31-августта өлкөдө эгемендүүлүктүн 27 жылдыгы белгиленип жатат. Аталган майрам Ош шаарында да белгиленип, анда шаардын борбордук аянтында облус башчысы Узарбек Жылкыбаев менен мэр Таалайбек Сарыбашовдун майрамдык салтанатка көз салып жаткан учурунда тартылган сүрөтү социалдык тармактарда кызуу талкууга кабылды. Ошол эле учурда президент Сооронбай Жээнбековдун экс-президент Роза Отунбаева, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин төрөгасы Дастанбек Жумабеков, Бишкектин мэри Азиз Суракматов, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшенбиев, Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын Бишкектин борбордук аянтында тартылган сүрөтү менен салыштырышууда.

Андан сырткары Оштун жетекчилери президенттен айырмаланып, жумшак отургучтарда отурушканын, салтанатка чакырылган аксакалдар күндүн алдында жөнөкөй эле отургучтарда орун алгандарын сынга алышууда.

Сарыбашов 2016-жылы да эл аралык иш-чаралардын биринде тартылган сүрөтү аркылуу коомчулуктун сынына кабылган. Анда облус башчысы кол чатырын артындагы кишиге карматып отурган.

Оштун көлөкөдө отурган жетекчилери сынга кабылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
dosym
2018-08-31 13:51:01
Ошто пахтачылар көпда,
+19
ilgizk
2018-08-31 14:14:31
dosym,кошулам эң туура
+6
mirbek2211
2018-08-31 13:53:10
Коппой оол, болуптурго бул жагы.
+8
Crystal
2018-08-31 14:00:54
Бул губернатор өзү не иш жасап коюптур губернатор деген эле аты болбосо
+7
tnz
2018-08-31 14:08:24
Эми бул Ош шаарына жылда коюулчу чатыр деги эле Ош шаарынын баардык салтанаттарында коюулат эгер байкасаныздар, бирок президент, премьер, торага кундо эле отурат аябай айырмаланып калыптыр.
+1
Totyua.71.
2018-08-31 15:31:23
Ош менен,Бишкектин айырмасы аябай билинген экен!!!(
+7
aika0906
2018-08-31 15:50:30
Totyua.71.,оштуктар тонкий келет да мейманды сыйлайт оттто кантип сыйлашты да билет.
-6
qwert123
2018-08-31 21:24:00
aika0906,корунуп турат тонкий сыйлап жатканынар ак сакал карыяларды кунго отургучка отургузуп койуп сыйлайбыз дечи
+9
ainur78007
2018-08-31 15:53:43
Уйронгон адат калабы,уйга жугон салабы)))
+6
adiaza
2018-08-31 15:59:06
Бул деген чондордун журум турум этикасы жоктугу, эл эмне дейт деген понятия жок буларда, баардыгы озулорунон элдерди сыйлашса буларды Эл да сыйлайт, баркы жок чондор деп коет мындай чондорду,
+5
kudaiberdieva98
2018-08-31 17:53:41
ошто кун ыссыккы
+1
Pamirlan
2018-08-31 19:26:47
Чоңдор алдамчылар болот жакпайт
+2
anonymous
2018-08-31 19:39:16
Чатырбек деп койсок кандай болот?
+4
kagan77
2018-08-31 22:56:13
Кол чатырды бирөөгө карматып каада күтүп жүргөн адамды сындап жүрүп эле кайра шайлап алсаңар эмне кылыш керек эле. Демек мен кыйратып жатыпмын дейт да. Ушундайыман кайра кайра шайлап кадырымы билип атышат деп ого бетер каадаланып калган тура
+3
murat17
2018-08-31 23:52:16
ошко бир жеп жутар келди мэр болуп мырзакматов эле татыктуу болчу ал орунга
+8
Sezimka27
2018-09-01 00:15:24
оштогу базардын устунда ошол жерде иштеген контейнерлердин еелери акча топтоп жаптырышты мамлекет кылса болмок
меерлердин козго коруноор иши жок ар майрамдарда бир елге таанылып койот
0
Jin1209
2018-09-01 01:40:15
Ошту онуктуруп койгондой отурат го мумкун онуктургондур
-4
altyn7776
2018-09-01 13:55:32
Кыргыздар мына ушул коро албастык учун онукпойт 27 жылдан бери... Башына чатыр койбогондор жыргатыштыбы? Ооруп омурткасын шылтап чыкпай эле койду го дос аттуулар... Бир нерсе болсо эле оштуктар деп...айланбайсынарбы ичи тарлар...
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан