ЦУМда телефон сатуучу менен чыккан уруштан каза болгон жаран ата-энеси каза болуп, жубайы менен ажырашып, батиринде жалгыз жашачу

ЦУМда телефон сатуучу менен пикир келишпестиктен улам чыккан уруштан каза болгон 45 жаштагы С.З. аттуу жарандын ата-энеси каза болуп, аялы менен ажырашып кеткен. Ал акыркы жылдары борбордогу батиринде жалгыз жашачу. Мындай маалыматты маркум менен жакшы санаалаш болгон кошуналары билдирди. Өзүн Гүлбара деп тааныштырган кошунасы маркумду окуя болгон күнү эртең менен көргөнүн айтты.

"Кошунам Дене тарбия институтунда окуган, бою узун, ден соолугу бекем болчу. Анын ата-энеси жогорку кызматтарда иштеген адамдар болгон. Аны ошол күнү эле көргөм. Дүкөнүмө келип, мени менен сүйлөшүп кеткен. Анан эле жок болуп кетти. Эртеси милиция кызматкерлери анын каза болуп калганын айтып, үйүнө келип бир нерселерди текшерип кетишти. С.З. каза болгондон кийин үйүнө эч ким деле келген жок. Жадакалса аны качан жана кимдер акыркы сапарга узатканын билбей жатабыз. Ал бир уруп койсо эле каза болуп кала турган жан эмес болчу. Өзү эч ким менен урушпаган, тынч жүргөн адам эле. Кээде ичип калчу. Бирок мас болуп алып жаман жорук жасаганын көргөн эмесмин. Кечээ биздин кошуналар "С.З. телефон сатып алуу үчүн ЦУМга барыптыр. Анан ал сатып алган телефонун ошол жерден кубаттагычына сайып көрөм десе, сатуучу уурдап жатат деп түшүнүп, ортодо уруш чыгыптыр" дешти" деди Гүлбара айым.

Биз барган учурда маркумдун үйү кароосуз турганын көрдүк. Анын жанында жашаган Рая аттуу айым аны кичине кезинен бери жакшы билерин, анын өлүмү боюнча иликтөө бир тараптуу болуп калбаса экен деген оюн айтты.

"Сергей менин балам менен бирге бала бакчага барган, жакшы достордон болушкан. Ал атасы милициянын полковниги, апасы эсепчи болуп иштеген интеллигент үй-бүлөнүн баласы болчу. Өзү дагы окуган, тарбиясы жакшы болчу. Апасы мындан үч жыл мурун ушул үйдө баласынын колунда каза болгон. Ал эми атасынын көз жумганына бир топ жыл болуп калды. Өзү жубайы менен ажырашып кеткен. Бир кызы бар, ал 18 жашка чыгып калды. Анын ден соолугу чың болчу. Эмнеге минтип каза болуп калды, түшүнүксүз. Мен анын иши тыкыр иликтенүүсүн талап кылат элем. Себеби анын таламын талашкан деле адам жок. Анткени жалгыз калган. Ал эми жубайы жана кызы менен катышып жүргөнүн же жүрбөгөнүн билбейт деле экенмин", - деди Рая айым.

Маркумдун кошуналарынын баары бир ооздон анын көп учурда бир аздан ичимдик ичип жүргөнүн айтышты. Ал эми анын жубайынын үйүнө барганыбызда үйүндө жок болуп чыкты.

Эске салсак, 28-августта "Айчүрөк" соода борборунун жер төлөсүндө 40 жаштардагы эркек киши эс-учун жоготуп каза болуп калган. Кийин каза болгон жаран менен аталган соода борбордо телефон саткан сатуучунун ортосунда пикир келишпестиктер чыкканы айтылып, окуянын видеосу интернетке тарап кеткен.

ЦУМда каза болгон жарандын ата-энеси жок. Өзү аялы менен ажырашып, батирде жалгыз жашачу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Alixan-Nookat.2015
2018-09-03 18:25:10
Бир туугандары жок болсо анда тиги кылмышкер кармалбайт акча менен чыгып кетет 100% айта алам
+23
bond02
2018-09-03 21:55:41
Маркумдун полковник атасы тируу болгондо тиги урган баланы ийнине киргизмек да чиркин.
+12
Kuba-savai87
2018-09-03 23:59:06
Сот адилеттуулугунду корсот.
+4
Arlenchik
2018-09-04 00:14:52
Сурап алар жакындары жок болсо тиги акмак мыкаачы кутулуп кетет го, биздикилер саткын да баары тен, ким берсе ошого сатылып кетет, тиги а.оморов деген басма соз катчы эмитен эле тиги кылмышкер тарапка ооп суйлоп баштаптыр, паралай баштаса керек, андай акматын жазасын берип, турмонун тубундо чиритиш керек!
+3
Rasul94
2018-09-04 09:49:12
Мен цумдан телефон алайын деп атам.тынч элеби ал жак
0
Eliznuku
2018-09-04 12:26:42
Rasul94 оой тынч болбогондо не согуш болуп жатат дейсинби кызык эле адамдар.,
+3
Asyl10
2018-09-05 17:46:29
Rasul94, Тынчы тынч эле, просто нерви жука сатуучулардан сак бол, бул 45 жаштагы киши ал жерге олойун деп барды дейсинби, байкуш муш жегенде башы катуу жерге тийген го, сатуучу деле олтуруп салып абакка кетейин дебесе керек, кырсык да. кичине сабырдуураак болсо болмок. Каны кызуу адам окшойт. Азыр кайсыл жерде эмне болоорунду деле билбейсин. жолго машинеде чыккандан коркосун, жоо жургондон да коркосун,жон эле уйундо чай ичип отуруп кетип калып жатышпайбы.
0
aydinnur
2018-09-04 16:59:13
Ай байкуш
+1
Taalaibek.
2018-09-05 08:06:19
Сатучунун урганга акысы жок эле да.Бир эмес коп уруптур. Менимче жазасын алсын.
+3
Айдай
2018-09-05 11:01:14
Баарынан эн окунучтуусу дене тарбия институтунда окуп, дени сак адам бир чапканда каза болду. Кичине кезимде уккам Морфлотто служить этип журуп анан оз мекенине келгенде Ыссык-колдон каза тапкан деп. Кырсык каш кабактын ортосунда деп бекринен айтылган эмесда. Эки тарапка тен боорум ооруйт азыркы оор заманда элдердин нерв тамырлары жука соз которо албагандар коп. Бирок сабырдуу болушка ундойт элем.
0
kydyrova_71
2018-09-05 15:33:02
Аллахым ар бир пендесине ыйман ынсап сабырдуулук берсин.
0
Asyl10
2018-09-05 17:48:09
Сабырдуулукка мотивация деген курс ачсам келеби адамдар? Курс бекер эле деп ачам да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан