Аида Салянова: "Инимдин өлүмүндө "саясий буюртманын" белгилери бар"

Экс-депутат Аида Салянова анын инисинин өлүмү "саясий буюртма" экендигине көзү жеткенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-сентябрда журналисттерге билдирди.

"Мен парламентте инимдин өлүмү боюнча айтып чыкканда толук далилим болмоюнча муну "саясий буюртма" деп айта албайм деп билдиргем. Эми кылмыш ишинин ар бир барагы менен таанышып, изилдеп, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн окуп чыккандан кийин оюм өзгөрдү. Бул документтерге таянсам, анда "саясий буюртманын" белгилери бар.

Күбөлөрдүн биринин көрсөтмөсүндө соттолуучу Осмонкулов ага адам өлтүрүү буюртмасы түшкөнүн жана ал жерде жолтоо болуп жаткан аял жөнүндө айтылгандыгын билдирген. Буюртманы аткарса, анын Ош шаарында каракчылыкка катышкандыгы жоюлуп, ал иш жабыла турганын убадалашкан. Бул кылмыш Осмонкулов инимди өлтүргөнгө чейин 2 ай мурун, 2017-жылы 30-августта болгон экен. Аны кылмыш иши боюнча эч ким издеген эмес. Арадан 4 ай өткөн соң гана ал издөөгө берилген. Бирок ошол эле учурда ал башка кылмыш иши үчүн жатак-абакка келип-кетип жүргөн. Кийин инимди өлтүрүп коюп деле эч кимден коркпой жатак-абакка келип жүргөн.

Инимди өлтүрүү атайын даярдалган. Балким, башында сөз мен тууралуу болгон, кийин пландары өзгөргөн. Алар ойдогу максатын аягына чейин чыгарышкан жок", - деп билдирди Салянова.

2017-жылдын 6-ноябрына караган түнү депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен. Кийин анын өлүмүнө шектелип Бишкек шаарынын 32 жаштагы Э.О. аттуу тургуну кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан