"Көк бөрүнү саясатка аралаштырбагыла". Бегалиевдин Казак улакчыларын намыска чакырып жаткан видеосу тарады

Интернеттеги социалдык тармактарда Көк бөрү боюнча кыргыз курамасынын мурдагы жетекчиси Талас Бегалиевдин казак улакчыларын намыска чакырып жаткан видеосу кызуу талкууланууда.

"Былтыр Астанага барып, бардык эрежелериңерге макул болуп ойноп бергенбиз. Бүгүн силер да жигитче ойноп берсеңер болмок. Көк бөрү деген спорт, саясатты аралаштырбаш керек болчу. Оюн көрсөтпөй койдуңар, жигитче ойноп элиңерге күлүп-жайнап кайтсаңар болмок", - деп айтылат видеодо.

SUPER.KG порталы Талас Бегалиевдин өзүнө байланышканда, ал төмөнкүлөрдү билдирди.

"Казак көк бөрүчүлөрү "кыргыздарга утулгандан көрө, өзбектерге 1 упайга утулуп коёлу" деп жасалган иш болуп калды", - деди Бегалиев.

Талас Бегалиев - грек-рим күрөшү боюнча Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Канат Бегалиевдин бир тууган агасы.

Кечээ, 6-сентябрда Казак курама командасы өзбекстандык көк бөрүчүлөргө 5:4 эсебинде жеңилип калган.

Талас Бегалиев көк бөрүдөн казак курамасы өзбектерге атайын утулганын айтууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
aza84
2018-09-07 11:55:31
Атайын кылбаса керек
+7
Beck_13
2018-09-07 12:44:52
aza84,инисине караганда агасы эркекче суйлоптур.
-2
Safiya91
2018-09-07 11:59:19
Кок боруну Казак менен Кыргыздай эч ким ойной албаса керек. Кок бору Казак менен Кыргыздыкы. Озбекстанга утулганы уят да. Туура айтыптыр.
+4
Chagylgan2
2018-09-07 12:02:50
Safiya91, куч атасын тааныбайт дейт, спортто баары болушу мумкун.

Эгер ошондой логика жургузсок, Реал Мадрид, Барселона сыяктуу топ клубдар оюндардын 90%тинде женишке жетиши керек болуучу, атаандаштарынан кучтуу деп... Бирок реалдуулукта андай эмес...
+9
beka666
2018-09-07 11:59:33
Корунуп эле турат коркондору
-1
beka666
2018-09-07 11:59:47
К
-4
Chagylgan2
2018-09-07 12:00:03
Ушул Бегалиевдер жөн эле журушсо болбойбу ыя?!! Бири мактана коем деп созго сынды эле, эми мунусуна балээ барбы?!!

Казактар озбектерге атайылап женилдиби же чындап женилдиби, айтор, ушунча келип оюн корсоткондоруно рахмат. Оюнда бирде утуу, бирде утулуу болот...

Сендей адам кайсы арына буга чейин кураманы жетектеп келгени тушунуксуз. Кайра озу кок-боруну саясат кылып, казакты кыргыз жениш керек эле деп кекенип отурат. Уят, уят, Бегалиевдер!!!
+10
Beksultanshumkarbekov
2018-09-07 12:11:33
Chagylgan2,биринчиден аты жок көк бөрүгө не келишти экинчеден кыргызстанга келип алып биз мындай тайказанга ойнобойбуз деп өздөрүнчө кыйын болушту үчүнчүдөн мындан кийин көк бөрү биздике деп талашпасын кыйын болушуп
+6
Chagylgan2
2018-09-07 12:22:28
Beksultanshumkarbekov, Кок-бору оюну казак-кыргыздын орток мурасы кылым карыткан. Сеники меники дегенде эмне?!!

Тай казанда ойнобойбуз деп оз оюн айтыптыр, биздикилер да "курамада хотя бы бир кыргыз болсун" деп дооруп шарт койгон сыяктуу эле. Жакшыбы жаманбы келип оюн корсотуп кетишти...


-4
Kychtyy
2018-09-07 12:34:53
Chagylgan2, Каякатан уктун кыргыз дооруп кураманарга бир кыргыз кошкула дегенин.
-2
Chagylgan2
2018-09-07 12:57:06
Kychtyy,
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/243821/

Оку жакшылап!!!
+5
Kychtyy
2018-09-07 14:21:21
Chagylgan2,ошонтип айткандарын билем. Ошон учун сага айтып атам казактар ХХХХХХХХХХ Андай эч соз болушу мумкун эмес. ХХХХХХХХХ
-2
Kychtyy
2018-09-07 12:30:00
Chagylgan2, Эркекче суйлоптур. Азда болсо кок борунун онугушуно оз салымын кошуп келе жатат. Кыргызстандагы эн белгилуу ынтымак командасын жетектеп. ХХХХХХХХ
-2
Bars88
2018-09-07 12:05:26
Атайы ким утулсун.Аттары начар болуп калды окшойт конбоду да
+5
Chagylgan2
2018-09-07 12:10:41
Куру намыс деп мурдунун учунан алысты коро албагандар толтура арабызда. Ошолор кааласа мин жолу минус бассын. Бирок аны менен чындык озгоруп кетпейт.

Бир Бегалиеви калып экинчиси озун элге "корсотойун" дептир, кыска ойлонуп. Уят эле...

Казак-кыргыз арасына чок салбай эле журсо болбойбу, "бай атасына" окшоп доорубой... Атамбаевдин ойлонбой суйлогон созунон карапайым эл жапа чеккени эми унутулуп бара жатканда...
+3
Kychtyy
2018-09-07 12:26:12
Атайын утулду кок боруудон тушунугу бар адамдар билип коруп эле атышат. Аттарды сары озондун кучтуу деген аттарын беришкен болчу. Озбектердин аттары чуркабай кадыштыго. Бегалиев эн туура соз айтып атат. Биз барганда баардыгына чыдап доконца ойноп келгенбиз. Булардын жоопкерчиликсиздигине ичи ачышып айтып ататда. Экинчи состав балдарын жонотуп, еще аттары жок огол кантип болсун. Корсун ушул видеону буткул казак туугандар. Кимдин ким экенин билишсин. Аркасынан айткандан коро бетке айткан жакшы
+4
bond02
2018-09-07 12:27:03
Эми Казакстан сен учун жабык.
+2
altyn7776
2018-09-07 13:04:06
озбектерди эмне аралаштырып жатат? Бегалиевдерде намыс бар, акыл азыраак экен...
+4
rysik79
2018-09-07 13:29:46
Бегалиевди кекетти кемсинтии казак улуттук курамасын деп сотко берип ит кылбаса эле.
+2
kolyn
2018-09-07 13:52:56
ээ чатак баурлар,чатак.Өзбектер дадил ойношту.Жылдан жылга конкурент командалар көбөйө берет.Убакыт өтүп орусия,франциялар ж.б камандалар күчөй берет ошондо оюн дүнүйөлүк денгелде кызыйт
-3
AKCAHAT
2018-09-07 14:20:32
Тообо женилсе женсе зордук корсоткон адамды 1 корушум. ЧМ футболдо деле Португалия, Аргентина, Германия дар жон эле учуп чыгып кетишти го.))) Сила есть ума не надо дегендей болгонго
+3
admin_superstan
2018-09-07 15:07:42
Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар! Билдирүүлөр түзөтүлдү, порталдын эрежелерин сактагыла!
0
Begali9
2018-09-07 19:50:25
Саясат Намыс Акылдуулук Тундук Туштук бугун финалда ойнолду Оштун Жалгыз Кучтуу улакчы Манасты четке тееп Рустамды Мыкты ойунчу кылды азаматсын Соз жок
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан