Москвада Кыргыз жарандарын унаасы менен сүзгөн деп шектелген жарандын атасынын бир тууганы Сулайман Жүжүбаев "иним жоош, андай ишке бара турган бала эмес болчу" дейт. Ал шектүү тууралуу SUPER.KG порталына буларды айтып берди.
"Бекжан менин бир тууган инимдин баласы. Алар Өзгөн шаарынын Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Токтогул айылынын тургундары. Бирок бир канча жылдан бери Орусияга барып иштеп, Орус жарандыгын алышкан. Бекжан 5 бир туугандын улуусу. Ал акыркы убакта апасы жана 18 жаштагы карындашы менен Москвада иштеп, окуп жүргөн. Ал эми бир тууганым 3 баласы менен айылда турушат", - дейт ал.
Ал эми кечээ, 9-сентябрдын таңында болгон окуя тууралуу мындай дейт.
"Бекжандын карындашы 8-сентябрда 18 жашка чыгат. Туулган күндү белгилөө үчүн кафеге Бекжан, карындашы, айылдашы жана бир тууган жээни келет. Ал кафеде топтошкон жигиттер дагы отурган экен. Алар туулган күн белгилеп жаткандардын жанына барып, кыздарга тийишип, телефон номерлерин сурайт. Ошондо бирөөсү "жигитим бар" десе, "бар болсо эмне болуптур" деп кайра тийишет экен. Ошондо Бекжан "мен кыздардын агасы болом, тийишпегиле" деп ортодо пикир келишпестик чыгат. Бирок кафеде жаңжал болгон эмес. Бекжан карындашын, жакындарын алып эшикке чыкканда баягы жигиттер сыртта күтүп турушуптур. Бекжан унаасына отурайын дегенде жигиттер келип аны уруп, кулагындагы угуучу аппаратты жулуп ыргытып, колундагы телефонун алып бири-бирине топтой кылып ыргытып ойногон экен. Бекжан II топтогу майып, кулагы жакшы укпайт. Ошондо жигиттерден качып кутулам деген ой менен унаасына отурат дагы, нес абалында айдап, кишилерди сүзүп алган", - деди Жүжүбаев.
Эске салсак, Москва шаарындагы Марьино районунда 20 жаштагы жигит Кыргыз жарандарын унаасы менен сүзүп кеткен. Окуянын күбөлөрү күнөөлүү делген жигит Кыргыз жараны экенин айтып, кырсык бир кызды талашкан эки жигиттин урушунан келип чыкканын айткан.
Ал эми кырсыкка шектүүнүн карындашы орус маалымат каражаттарына окуянын чоо-жайы тууралуу айтып берген.