КҮНСОБОЛ: Өлкөбүздүн учурдагы экономикалык абалына кандай баа берүүгө болот?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришкенине 10 ай, ал эми Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөттү жетектей баштаганына 5 ай болду. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөнүн экономикалык абалы акыркы убактарда начарлап кеткенин айтып, өкмөттү сынга алышкан. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2018-жылдын 8 айында экспортко караганда импорттун өскөнү байкалган. "Ички дүң продукциянын көлөмү акыркы 8 айда былтыркы жылга салыштырмалуу 0,3 пайызга азайган. Өнөр жай продукцияларынын көлөмү мурунку жылга салыштырмалуу 9,3 пайызга төмөндөгөн. Экспорттук операциялар 1,6 пайызга төмөндөгөн", - деп айтылат мекеменин маалыматында. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Өлкөбүздүн учурдагы экономикалык абалына кандай баа берүүгө болот?" деп собол салды.

ЖАПАРОВ: "Учурдун эң маанилүү экономикалык маселеси - бул тышкы карызды убагында төлөө"

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун пикиринде, Орусияга карата салынган санкциялар Кыргыз өлкөсүнө да зыянын тийгизип жатат.

“Кумтөрдө көрсөткүчтөр 1-2-квартал боюнча азая түштү. Аталган ишканага байланып калгандыгыбыздан жалпы экономикалык көрсөткүч да төмөндөгөндөй сезилди. “Кумтөр” компаниясы 3-4-кварталда көрсөткүчтү 16-17 тоннага чыгарууну пландап деп жатат. Экономикалык абалыбыз кайра калыбына келет . ЕАЭБдин алкагында соода-сатык көбөйдү. Бирок Орусияга карата киргизилген санкциялардын кесепети бизге да тийди. Биз буга чейин мурунку өкмөттөрдүн ишине баа бердик. Азыркы өкмөттүн экономикага жасаган иштери 3 жылда чыгат. Дыйкандар жазда эгин эгип күзүндө түшүм жыйнагандай эле. Азыркы өкмөт октябрда 2019-жылдын бюджетин парламентке алып келет. Ошондо өкмөттүн каржылык абалына баа берсе болот. Бюджеттен экономикалык абалыбыз көрүнүп калат.

Армения өкмөтү биздики менен чогуу келди. Пашинян жакшы реформаларды жасады. Биздикин эми көрөбүз. Президентибиз мурда премьер-министр, облус башчысы болуп иштеген. Өкмөт башчыбыз дагы биринчи вице-премьер-министр, Социалдык фонддун башчысы болгон. Экөөндө тең тажрыйба бар. Командасын эми түптөп бүттү. Бийлик тынчтык жолу менен берилгени үчүн айрым кадрларга аяр мамиле жасалды окшойт.

Өткөн 6 жылда саясий күрөш менен алек болуп, кошуналардан экономикабыз ат чабым артта калды. Энергетиктер 2019-жылы тышкы карыз үчүн 14 миллиард сом бериши керек. Бирок алар электр энергиясынын тарифин көтөрөлү десек каршы болдуңар деп туруп алышат. Анан калганын элдин эсебинен төлөөгө туура келет. Учурдун эң маанилүү экономикалык маселеси - бул тышкы карызды убагында төлөө. Ошонун үстүндө иштөө керек”, - деди Жапаров.

БЕКЕШЕВ: “Ишкерликке укук коргоо органдары, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кол салбоосу зарыл”

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев экономиканын өсүшү үчүн мыйзамдарды эле өзгөртүп коюу жетишсиз экенин айтты.

“Статистикага ылайык, экономиканын көрсөткүчү төмөндөп кеткен. Чындыгында экономиканын өсүшү боюнча жылыштар жок. Өнүгүү болуу үчүн көптөгөн кадамдар жасалышы керек. Мыйзамдарды жөн эле өзгөртө бербеш керек. Ишкерликке укук коргоо органдары, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кол салбоосу зарыл. Ишкерлик боюнча жазылган мыйзамдар так болушу абзел. Экономиканын көрсөткүчүнүн төмөндөшүн көпчүлүк Орусияга каршы киргизилген санкцияларга байланыштырып жатышат. Менин оюмча да Орусияга киргизилген санкциялар бизге терс таасирин тийгизүүдө”, - деди Бекешев.

МАМАТАЛИЕВ: “Экономиканын көрсөткүчү өкмөттүн иштеген баасы болуп эсептелет”

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевдин пикиринде, бажыга тийиштүү көмүскө экономиканы жок кылуу зарыл.

“Экономиканын көрсөткүчү өкмөттүн иштеген баасы болуп эсептелет. Биринчи кезекте курулуш боюнча инвесторлорду тартып, өнөр жай продукцияларын өндүрүүнү жогорулатуу керек. Ошондой эле чакан ишкерликке тиешелүү шарттар түзүлүшү зарыл. Бажы тармагы бюджеттин бир бөлүгү болгондуктан, ал жактагы көмүскө экономиканы жок кылуу шарт. Коомчулукта айтылып жаткандай бажы тармагында бир топ көйгөйлөр бар. Аткезчиликти, коррупциялык схемаларды жоюу керек. Ошондо экономиканын көрсөткүчү жогорулайт”, - деди Маматалиев.

САЗБАКОВ: “Кумтөр” бүгүнкү күндө экономикабызды кичине артка тартып жатат”

Өкмөттүн Евразия экономикалык биримдигиндеги иштер боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаковдун айтымында, 2016-жылдан бери ЕАЭБ өлкөлөрүндө экспорт жакшы темпте өскөн.

“Кумтөрдү” кошпогондо 2018-жылдын январь-август айларынын жыйынтыгына ылайык, экомикабыздын өсүшү 2 пайыздан ашты. Бул биз каалаган өсүштү көрсөтпөйт. Бирок туруктуу, жакшы өсүш деп эсептөөгө болот. Мындан тышкары ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон соода жүгүртүүнүн көлөмүнүн өсүшү 7 айдын жыйынтыгы боюнча 110 пайызды түздү. Бул жакшы өсүштү көрсөтөт. 2016-жылдан баштап ЕАЭБ өлкөрүнө экспорт кыйла өсүп келе жатат. Тигүү тармагынын продукцияларын экспорттоо бир жарым эсеге, минералдык ресурстар болсо 16 пайызга жогорулады. Бирок ошону менен бирге начар көрсөткүчтөр дагы бар.

“Кумтөр” бүгүнкү күндө экономикабызды кичине артка тартып жатат. Аталган компанияны кошкондо 2018-жылдын январь-август айларында мурдагы жылдын ошол эле мезгилине салыштырмалуу бир аз жетпей калды. Бул ошол эле деңгээлде калды дегенди көрсөтөт. Бүгүнкү күндө бул боюнча өкмөт аракеттерин жасап жатат. Жылдын аягына чейин жакшы көрсөткүч менен чыгабыз деген ойдобуз”, - дейт Сазбаков.

ЧОРОЕВ: “Кыргыз өлкөсү ЕАЭБге киргенден бери өнөр жай тармагы артка кетти”

Экономист Кубан Чороев өлкөнүн экономикалык абалынын оор экендигин көрсөткөн көйгөйлөргө токтолуп өттү.

“Өлкө экономикасындагы жакшы жагдай - бул биздеги баалардын туруктуулугу. Бирок жумушсуздуктун деңгээли көп жылдан бери өзгөрбөй келет. Акыркы мезгилдерде жылына орто эсеп менен 60 миң киши жумуш издеп социалдык органдарга кайрылып турушат. Өзгөчө аймактарда жумушсуздук маселеси чечилген эмес. Бул сырткы миграциянын өсүшүнө себепчи болууда. Өлкөдө эмгек ресурсу негизги мааниге ээ болгону үчүн калктын жумушсуздугу экономиканын оор экендигинен кабар берет.

Дагы бир жагдай, Дүйнөлүк банктын рейтинги боюнча жарандарга эң кымбат насыя берген өлкөлөрдүн арасында 6-орунда турабыз. Ишкерлерге арзан, узак мөөнөткө насыя берилсе, экономиканын өнүгүшүнө да таасири тиймек. Ошондуктан каржы системинде олуттуу өзгөртүүлөр жасалмайынча экономиканын өнүгүшү да кыйын.

Кыргыз өлкөсү Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден бери өнөр жай тармагы артка кетти. Былтыркыга салыштырмалуу 10 пайызга төмөндөптүр. Бул бизде өндүрүлгөн продукция коңшу өлкөлөрдүкүнө салыштырмалуу атаандаштыкты жарата албай жатат дегенди билдирет. Ушул эле көйгөй айыл чарбасына да тиешелүү. Биздеги экономиканын өнүгүшүнө таасир тийгизе турган тармак – бул туризм. Ушул тармакты натыйжалуу пайдаланып бир топ эле алдыга жылсак болот”, - деди Чороев.

АТТОКУРОВ: “Акыркы жылдары айыл чарба жана өнөр жай продукциялары экспорттолбой жатат

Эксперт Азамат Аттокуровдун пикиринде, өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын экспорттолбой жатышы экономикага терс таасирин тийгизүүдө.

"Бүгүнкү күндө өлкөнүн экономикалык абалы жакшы эмес. Негизги көйгөй КМШ өлкөлөрүнүн валюталарына салыштырмалуу сомдун наркынын кымбат болушуна байланыштуу. Бул экспортко кедергисин тийгизип, бизден өндүрүлгөн товарлардын сыртка чыкпай жатышына себепчи болууда. Айыл чарбасында болсо баягы эле сертификат маселеси чечилбей айыл чарба азыктарын экспорттой албай жатабыз. Лабораториялар курулган эмес. Малга документ берүү жана эмдөө азыркыга чейин жолго салынган жок.

Ал эми экономикага оң таасир берип, өнүгүп келе жаткан тармак - бул курулуш тармагы.
Бүгүнкү күндө көмүскө экономиканын таасири да экономиканын абалына кедергисин тийгизүүдө. Учурда көмүскө экономика жалпы экономиканын 40 пайызын түзүүдө. Буга салыктын оор болгондугу жана социалдык төлөмдөрдүн жогору экендиги башкы себеп болууда. Мындай көйгөйлөрдү жоюу үчүн социалдык фондду реформалоо керек", - деди ал.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан