Бишкекте бала бакчада иштеген эркек кызматкер 5 жаштагы кызга карата сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерди жасаган деп шектелүүдө

Бишкекте менчик бала бакчада 5 жаштагы кызга карата сексуалдык мүнөздөгү ыплас иш-аракеттерди жасаган деп бакчанын кызматкери кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 26-сентябрда катталган.

"Окуя Октябрь районунда катталган. Анда 5 жаштагы кызга бала бакчада иштеген 32 жаштагы эркек кызматкер сексуалдык мүнөздөгү ыплас иш-аракеттерди жасагандыгы жазылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деди басма сөз кызматы.

Айрым маалыматтар боюнча, ал бала бакчадагы ийримдерде үйрөтүүчү болуп иштеген.

Кыргыз өлкөсүндө жалпы бала бакчалардын саны 1062, анын 705и Бишкек шаарында жайгашкан. Ал эми бала бакчада тарбияланган кыздар-балдардын саны 152 миң 216. Бала бакчалардын 334ү мамлекеттик болсо, 648и муниципалдык. Ал эми калган 80и менчик бала бакча.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dembele84
2018-09-28 12:24:47
Как озунун окуучусу катары бетинен ооп койсо да ыплас иш жасады деп камай бербегиле.Норма текшерип анан жыйынтык чыгаргыла!!!
+5
Elaman_Arypov
2018-09-28 12:39:49
Бала бакчага эркек кишини эмнеге жумушка алат анан
-1
Jasa
2018-09-28 14:00:17
Балээ басты 32жаш болсо чын эле олуп баратса кочодо толтура азыр
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан