Чолпон-Ата шаарында кечээ, 1-октябрь күнү эртең менен жоголуп кеткен баланын муунтулуп өлтүрүлгөн жансыз денеси талаадан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ эртең менен милицияга арыз менен жергиликтүү тургундардын бири кайрылган. Анда ал 9 жаштагы баласы үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.
"Түштөн кийин милицияга "шаардын чекесиндеги талаада кичинекей баланын жансыз денеси жатат" деген билдирүү түштү. Аталган аймакка барган милиция кызматкерлери ал жоголуп, изделип жаткан бала экенин аныкташкан. Баланын өлүмүнүн болжолдуу себеби - ал муунтулган. Учурда бул факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды, иликтөө иштери жүрүүдө", - деп билдирди облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов.