Быйыл кар Лейлекке эрте жаады. Алманын түшүмү жыйнала элек болчу дешет тургундар

Баткен облусунун Лейлек районундагы тоого жакын жайгашкан бир нече айылга 8-октябрдан 9-октябрга караган түнү кар жаады. Бул тууралуу Лейлектин Көк-Таш айылынын жашоочусу Райхан Ирназарова айтып берди.

Жергиликтүү тургундун айтымында, кечээ кечке маал аба ырайы бузулуп, түнү кар жааган. Азыркы тапта ал эрий баштады.

"Лейлектин тоого жакын айылдарына кар жаады. Талаадагы эгиндин түшүмдөрүн көпчүлүк жыйнап алган. Бирок алманын түшүмүн жыйнай электер көп болчу. Кар жааганы менен муз болуп тоңгон жок, эгер күн жылып кетсе алманы үшүк албайт деп ойлоп жатабыз. Эгер түндө кайра суук болуп, муз тоңсо мөмөлөрдү үшүк алып кетиши мүмкүн.

Биздин короодо алма көп эмес, 20 түптөй бар. Бирок биз көпчүлүгүн буга чейин терип алган элек. Кардын калыңдыгы 1-3 сантиметрге жетет", - деди ал.

Буга чейин ӨКМнын маалымат кызматы Кыргыз жеринин көпчүлүк аймактарында абанын температурасы кескин төмөндөй тургандыгын маалымдаган. Анда 8-10-октябрь күндөрү өлкөнүн айрым аймактарында абанын температурасы түнкүсүн -1…-3° градуска төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөрү айтылган.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Janna07
2018-10-09 14:47:18
Соонунго алмалары, колум менен узуп качан алма жейт экем
+1
Tyty1990
2018-10-09 16:29:55
Жазды күтүп жаттынар беле
-4
Sanjaraka
2018-10-09 22:59:54
Кар жеген алма жакшы болот кайтып
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан