Маданият кызматкерлеринин айлыгы 80 пайызга чейин көбөйтүлөт

Бир катар маданият, искусство жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин айлык акысы 80 пайызга көтөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Бул чечим маданият, искусство жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Кызматкерлердин эмгек акысы көбөйө турган мекемелер:

- Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры;

- Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук орус драма театры;

- Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи;

- Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейи;

- "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси;

- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментине караштуу Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын кызматкерлеринин эмгек акысы көбөйтүлөт.

Мындан тышкары, төмөнкү мекемелердин профессордук-окутуучулук курамынын, концертмейстеринин жана иллюстраторлорунун кызматтык маяналарынын өлчөмү 80 пайызга көбөйтүлдү:

- Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайы;

- Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайы;

- С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайы;

- Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jazdyn_tany
2018-10-09 14:28:26
Райондук маданият үйүнүн кызматкерлериникичи?
+1
erlan2196
2018-10-09 14:35:59
Ошол канча сомго которулот. 100 сомгобу же 150 сомгобу. Ошону айтып койсонор жакшы болмок. Маданият кызматкерлердин айлыгын таможник, прокуратура, сот, депутаттарга, Сокенин айлыгына тенеш керек эле. Башка олкодо маданият кызматкерлерин эн жогоруу баалап турушат. Бизде прокурор, таможниктерди баалап турасынар.
+1
Muzik
2018-10-09 20:52:21
Аа жакшы,Эми торт мин сомдон алып калышат экен да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан