Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук отурум. Сот иш кайра тергелсин деген талапты канааттандырган жок

Бүгүн, 10-октябрда Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук кароо улантылды. Соттук кароонун жүрүшүндө жабырлануучу тарап кылмыш иши кайра тергелишин талап кылышты. Сот кеңешме бөлмөсүнөн кайтып келип жабырлануучу тараптын иш кайра тергелсин деген өтүнүчүн канааттандырган жок.

Алгач ишти карап жаткан сот соттук кароону 12-октябрга саат 14:00гө дайындады. Бирок жабырлануучу тараптын жактоочусу өлкөдөн убактылуу кетип жатканына байланыштуу сотту башка күнгө жылдырууну өтүндү. Сот кийинки соттук кароону 24-октябрга саат 15:30га жылдырды.

Буга чейин маркумдун жакындары айыпталуучу Эрмек Осмонкуловду кылмыш тууралуу толук маалыматтарды айтууга чакырган. Мындай талапка айыпталуучу да макул болуп: "Абыкулов (ред. Асанэмир Абыкулов - Улан Саляновдун өлүмүнө шектелип кармалган үчүнчү адам) келсин. Баарын айтып берет", - деген.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 6-ноябрына караган түнү депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен. Кийин анын өлүмүнө шектелип Бишкек шаарынын 32 жаштагы Э.О. аттуу тургуну кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан