Орусиялык мушкер Федор Емельяненко "Bellator" мелдешинде атаандашын 1-раундда утуп, финалга чыкты

Орусиялык мушкер Фёдор Емельяненко АКШнын Нью-Йорк шаарында өткөн "Bellator" мелдешинде атаандашын 1-раундда утуп алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Аталган беттеш оор салмак ченинде "Bellator" мелдешинин жарым финалынын алкагында өттү. Анда Федор Емельяненко америкалык Чейл Соннен менен кездешти. Бул беттеште Емельяненкого 1 раунд гана жетиштүү болду. Ал 1-раундда атаандашын техникалык нокаут менен утуп алды. Бул жыйынтык менен Емельяненко мелдештин финалына чыгып, анда Райан Бейдер менен кездешет.

Буга чейин Федор Емельяненко апрель айында "Bellator" мелдешинин чейрек финалында Фрэнк Мирди алгачкы раундда жеңип алган.

Муну менен 42 жаштагы Федор Емельяненко карьерасындагы 38-жеңишине жетти. Ал буга чейинки беттештерден болгону 5 жолу жеңилүү ызасын тарткан. Орусиялык мушкер 2003-2007-жылдары "Pride" уюмунун оор салмактагы чемпиону болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
yrmat88
2018-10-14 15:48:31
Азаматсын. Ушул адам жакшы мушташат.
+5
Taku.14.02
2018-10-14 16:21:02
ушу турушунда Хабибтен он эсе жакшы мушташыптыр
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан