Бүгүн, 15-октябрдан 16-октябрга караган түнү Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде абанын температурасы -1…-3 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт. 16-17-октябрь күндөрү мезгил-мезгили менен жаан, кар жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Ошондой эле үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча-жемиштер үчүн коркунучтуу", - деп айтылат маалыматта.