КҮНСОБОЛ: Жээнбеков Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев кетирген кайсы кемчиликтерди жоюп, кайсы катачылыктарды кайталап жатат?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

Бүгүн, 15-октябрда президенттик шайлоо болуп өткөнүнө 1 жыл толду. Анда Сооронбай Жээнбеков шайлоочулардын 54 пайызынын колдоосуна ээ болуп, өлкө президенти болуп шайланган. Буга чейин Кыргыз өлкөсүн 4 президент башкарып, ар бири өзүнчө бааланып, тарыхка жазылып калды. Бири үй-бүлөсүн, бири жакындарын бийликке аралаштырып, коомчулуктун сынына, куугунтугуна кабылган. Ошонун "жемиши" менен 2 президент бозгунда жүрөт. Азыркы президент мурункулардан сабак алдыбы?

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Жээнбеков өлкөгө президент болуп шайланганына 1 жыл болду. Ал Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев кетирген кайсы кемчиликтерди жоюп, кайсы катачылыктарды кайталап жатат?" деген собол салды.

МАДУМАРОВ: “Президенттин эң чоң кемчилиги - мурунку президенттердин кетирген каталарынан сабак албагандыгы”

Саясатчы Адахан Мадумаров президент кадр жаатында ката кетирип жатканын айтты.

“Президенттин эң чоң кемчилиги - 4 президенттин кетирген каталарынан сабак албагандыгы. Кадр жаатында өтө чоң каталар болуп жатат. “Ушул мага жагат” деген принциби чоң ката. Жаккан кишилеринде тажрыйба, демилге, чечкиндүүлүк жок. Анын кесепети бүтүндөй мамлекетке тиет. Бүтүндөй элдин тагдырына өзүнүн терс кесепетин тийгизет. Бүт кадрларынын эч нерсеге жөндөмү жок. Кыргыздар мындайды бар менен жоктун ортосундагы инсандар деп коёт. Булар менен кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү, кандайдыр бир кадамдарды жасай албайт. Себеби чечкиндүү кадамдарды тажрыйбалуу иш билги эр жүрөктөр жасайт. “Мени көрбөсүн, мени байкабасын” деп башын ичине катып жүргөндөрдөн эч качан жыйынтык чыкпайт. 5 президенттин бардыгынын катасы - “менден кыйын киши менин жанымда болбошу керек” деген принциби.

Кыргыз мамлекети 2018-жылды КМШ өлкөлөрүнүн ичинен экономикасы, жашоо-шарты эң төмөн 11-орунда турган өлкө катары жылды аяктап жатабыз”, - дейт Мадумаров.

ЖЭЭНБЕКОВ: "Президент Жогорку Кеңешти, өкмөттү, күч түзүмдөрүн ээлеп бүттү"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков азыркы президент мурдагы өлкө башчылардай күчтүү авторитардык бийлик орнотуп бүтө элек деген пикирде.

“Буга чейинки бийликтен эң чоң айырмасы журналисттерди кысымга алган жок. Муну сөзсүз эске салып коюшубуз керек. Биринчи кемчилиги 1 жыл болсо да реформаларды баштай алган жок. Сот, билим берүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы реформалар ишке ашырылбай турат. Экинчи кемчилиги, кадр саясатында каталар кетти. Мисалы, Бишкектин мэрин, акыйкатчыны шайлоодо. Ал эми буга чейинки президенттерибизге салыштыра турган болсок. Алардай күчтүү авторитардык бийликти кура элек. Бирок Жогорку Кеңешти, өкмөттү, укук коргоо органдарын ээлеп бүттү. Ошентсе да буга чейинки президенттердей орношо элек”, - деди Жээнбеков.

АКУН: "Асылбек Жээнбеков тууралуу сөздөр кээ бир кызыкдар күчтөрдүн ушагы"

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Сооронбай Жээнбековдун бир нече жакшы кадамдарын санап өттү.

"Мурдагы президенттердин дээрлик бардыгы соттордун ишине кийлигишип, өз бийлигин жүргүзүшкөн. Азыркы өлкө башчы болсо соттордун жана укук коргоо органдарынын ишине дээрлик кийлигишкен жок. Ошондуктан “Раим-миллиондор” соттон утуп жатышат. Башка президенттерден айырмаланып, коомдук уюмдар менен жолугушуп кеңири кызматташууну баштады. Мындан тышкары, өлкөдөгү коомдук-саясий күчтөрдү бириктирүүгө аракет кыла баштады. Мурдагылар мындай аракетти кыла алышкан эмес. Кошуналар жана башка мамлекеттер менен мамилени дээрлик оңдоп, көйгөйлүү өлкөлөр жокко эсе болуп калды. Башка мамлекеттерге Кыргыздын жерин берген жок. Аялдары, балдары же бир туугандары башкарып, чалчактаган жок. Асылбек Жээнбеков тууралуу сөздөр кээ бир кызыкдар күчтөрдүн ушагы. Расмий жолугушууларда кыргызча сүйлөп мамлекеттик тилдин ролун көтөрүүгө салым кошо баштады", - деди ал.

НИЯЗОВ: “Эл арасында үмүт менен кошо көңүл калуу дагы бар”

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун пикиринде, Сооронбай Жээнбековду мурунку президенттер менен салыштырууга али эрте.

“Менин көз карашым боюнча, президенттин ишине баа берүү үчүн жылдын аягына чейин же 24-ноябрга, тагыраагы, инаугурация болгон күнгө чейин күтүү керек. Эл арасында үмүт менен кошо көңүл калуу дагы бар. Жаңы командага элдин биримдиги жана экономиканын өнүгүшү боюнча көп реалдуу кадамдарды каалайм. Атамбаевдин убагында бул үчүн жакшы база түзүлгөн”, - дейт Ниязов.

МАСАДЫКОВ: "Жээнбековдун командасы алсыз, тажрыйбасы жок болуп жатат"

2017-жылдагы президенттик шайлоодо талапкер болгон Таалатбек Масадыковдун пикиринде, коррупцияга каршы күрөш аягына чыгарына ишениш кыйын.

“Менин оюмча, Жээнбековдун президенттик кызматка киришкенине ноябрда 1 жыл болот. Жаңы келген бийликке өзүн көрсөтүшү үчүн мөөнөт бериш керек. Ал мөөнөт 3 ай, 6 ай же 1 жыл болот. Дүйнөлүк практикада 1 жыл – бул эң узак мөөнөт. Биздин мамлекет өтө оор абалда. Мамлекетти оңдоп кетем деген киши кыйналат. Маселе топтолуп калган. Албетте, Сооронбай Жээнбековдун коррупция менен күрөшөм дегени жаңылык болду. Себеби анын тушунда мурунку премьер-министрлер, экс-мэрлер тергөө абагына отургузулду. Коррупцияга каршы күрөш башталды дегенине 1 жыл болду. Бирок эч кимисине сот чечими чыга элек. Элде соодалашып жатабы деген күмөн бар. Коррупцияга каршы күрөш аягына чыгарына ишениш кыйын. Коррупцияга каршы күрөш дегенибиз менен, Бажы жана Салык кызматында дагы деле коррупциялык системдер ошол бойдон иштеп жатат.

Экономика тармагын айтсам, президенттин чет өлкөгө жасаган ар бир сапарында саламдашып, “мен президентмин” деп эле кайра өлкөгө келип калганы жакшы эмес. Натыйжа болушу керек. Кытайга барганда 75 миллион доллар алып келиптир деп жатышат. Бирок ал сумма Кытай жана эл аралык мамиле үчүн “муну алып, тынч отуруп тургула” деген эле нерсе. Чек ара маселеси да чечилбей келе жатат. Бир жыл болду, бирок жалгыз президентти күнөөлөй берген да туура эмес. Анын командасы алсыз, тажрыйбасы жок болуп жатат.

Аскар Акаев акыркы 5 жылда бийликти менчиктештирүүгө киришкен. Ал эми Курманбек Бакиев башынан эле ошентти. Роза Отунбаева 1 жарым жыл гана иштеп, кыйын абалда президент болду. Аны салыштырыш кыйын. Алмазбек Атамбаев болсо көп нерселерди жасадым деп айтып жатат. Бирок анын аягын көрүп жатпайсыңарбы. Алып келген инвестициянын бардыгы коррупция экен. Акыркы 6 жылда өлкөбүздүн эл аралык аброю аябай түштү. Көптөн бери өлкөдөн сыртта жашап жаткандыгым үчүн азыркы президенттин же башка чиновниктердин туугандары тууралуу маалыматым жок. Учурда кадрлар алмашып жатканы менен аябай алсыздар келүүдө. Мамлекетте кызматка татыктуулар жокпу? Же аларды кызматка алгысы келбей жатабы?” - деди Масадыков.

МОЛДАЛИЕВ: "Үй-бүлөлүк башкаруу болгондо сөзсүз коррупция болот"

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев азыркы президент буга чейин таза иштеген деген пикирде.

“Аскар Акаев "коррупция Ак Үйдүн 6-этажына жетти, күрөшөбүз" деп айтты. Бирок болгон жок. Курманбек Бакиев болсо бул багытта атайын комиссариат түздү, анда, тескерисинче, өркүндөдү. Ошонун натыйжасында эл эки жолу көтөрүлүшкө чыкты. Үй-бүлөлүк башкаруу болгондо сөзсүз коррупция болот. Роза Отунбаева өлкөнү кыска убакыт башкарды, бирок кыйын мезгилде келди. Оор кырдаалды жолго салып, шайлоого даярданганга мүмкүнчүлүк берип, өз ыктыяры менен бийликти өткөрүп берди.

Азыркы президент шайлоо алдында 35 коррупционерди билем деген. Сенден баштайм деп Бабановго айтты эле. Эми ал качып жүрөт. Калганы каякта белгисиз. Жээнбеков кимди болсо да каматамын деген сөзүндө туруп жатат. Туугандарымды, жердештеримди кызматка албайм дегендей эле иштеп жатат. Өзүнүн буга чейин коррупцияга аралашкан жери болсо кыргыздар чукуп чыгат элек да. Ошону эске алып, таза окшойт деп ойлоп калдык.

Коррупционерлер камалганы менен, коррупция азайып кетти дегенден алысмын. Алмазбек Атамбаев да башында жакшы эле баштаган эле. Жакшы сунуштарды айтып, демилгелерди көтөрүп чыккан. Ал 2015-жылдары түз жолдон чыга баштады. Сооронбай Жээнбековду шайлоого алып чыкканда сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Катышкандардын 99 пайызы Жээнбековдун жолу Атамбаевдикиндей болот дешкен. Бирок президент болгондон кийин баягылардын жолуна түшкөн жок. Бийликке келери менен Коопсуздук кеңешинин жыйынында баарын сындап чыкпадыбы”, - деди Молдалиев.

КАДЫРБЕКОВ: "Жээнбековдун эң чоң катасы - кадр маселесинде"

Саясат таануучу Даниел Кадырбеков Сооронбай Жээнбеков мурунку президенттердей эле кадамга барып жатканын айтты.

“Чечимдери боюнча Жээнбековдун башка президенттерден айырмасы жок. Тышкы саясат Орусияны көздөй жүргүзүлүүдө. Казак блоггерин экстрадиция кылбадыбы. Ошондон эле тышкы саясатыбыз Атамбаевдин, Бакиевдин, Акаевдин учурундагыдай эле марионетка милдетин аткарып жатканын билсек болот. Күч түзүмдөрү менен, сот системин реформа кылабыз деди эле. Бирок ал жерде эч кандай көрүнүктүү иш жүрбөй жатат. Тескерисинче, өзүнө ыңгайлаштырып, эски системди эле колдонуп жатат. Анча-мынча адамдарды алмаштыргандан эч нерсе өзгөрбөйт. Себеби дагы деле ал тармак президенттин карамагында, коррупцияга малынган боюнча турат.

Бишкектин, Оштун мэрлерин шайлаганда да Жээнбековдун колун караган кишилерди коюшту. Коррупцияга аралашкан премьер-министрлерди, мэрлерди камаганы туура эле болуп жатат. Антпесе эл дагы түшүнбөй калмак. Бирок системдүү реформа болбогону үчүн бул да көпкө барбайт. Же эмне жарандардын баарын камап коймок беле? Жээнбековдун эң чоң катасы - кадр маселесинде. Бийликте 20-30 жылдан бери иштеп жүргөн, колунан эч нерсе келбеген кишилерди премьер-министр, мэр кылып жатат. Албетте, бул кадамга менин сөзүмдү эки кылбайт деген ой менен барып жатат деп ойлойм. Бирок бул нерсе Жээнбековдун репутациясына чоң терс таасирин тийгизет", - деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Улукбек Кочкоров, саясатчы Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов айрым себептерден улам жооп берүүдөн баш тартты.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан