Бишкек шаарына 18-октябрда жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн мэрияда шаарга жылуулук берүү маселеси каралып, күз-кыш мезгилдерин өткөрүү боюнча түзүлгөн ыкчам штаб жылуулук берүү чечимин кабыл алган. Буйрукка шаар башчысы кол койду. Биринчилерден болуп жылуулук социалдык мекемелерге берилет.
Буга чейин шаардык мэрия бул жылы да жылдагыдай эле тартип карала турганын маалымдап, абанын температурасы орто эсеп менен +8 градустан көтөрүлбөсө, шаар башчысы жылуулук берүү боюнча буйрукка кол коёрун билдирген. Өткөн аптанын аягында өлкө аймагында абанын температурасы төмөндөп, кечээ, 16-октябрда көпчүлүк аймактарга кар жаап, бүгүн дале басыла элек. Кыргызгидрометтин маалыматына караганда учурда абанын температурасы 0°C.