Өткөн аптадан тартып өлкөдө абанын температурасы төмөндөп, айрым аймактарга кар жаады. Кыргызгидромет 16-октябрдан тартып күн дагы суук боло турганын кабарлаган.
Бишкек шаардык мэриясы буга чейинки эреже - борбор калаада абанын температурасы 5 күн бою +8ден жогорулабай турса жылуулук берүү тууралуу буйрукка кол коюларын кабарлайт.
"Мэр Азиз Суракматов кечээ жылуулук берүү боюнча тиешелүү жетекчилерди чогултуп, Гидрометеоборбор менен байланышта болуп турууну тапшырды. Эртең, 17-октябрда да бул боюнча жыйын өтөт. Андан кийин Бишкекке качан жылуулук берилери чечилет", - деп айтылат мэриянын маалыматында.