Москвада ооруканада оор абалда жаткан Кыргыз жаранын туугандары Бишкекке алып келет

Москва шаарындагы №36-шаардык клиникалык ооруканада оор абалда жаткан Кыргыз жараны Бишкекке алып келинет. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда SUPER.KG'ге анын тууганы Арзымат Мырзабеков билдирди.

"Кечээ ооруканага анын таякеси экөөбүз барып ал-акыбалын сурап, дарыгерлерге жолугуп келдик. Учурда элчиликте документтерин бүтүрүп жүрөм. Алгач мени тааныган жок, себеби ал мени акыркы жолу кичирээк кезимде көргөн экен. Бирок ага түшүндүрүп айтып берсем, колдору менен эстегенин, сүйүнгөнүн билдирди. Мен мурда күрөшчүмүн, ошол нерсе эсинде калган экен.

Биринчи эле апасын, анан уулун сурады. Алар сагынганын, күтүп жатканын айттык. Бирок Талас байке бир жылдан бери байланышка чыкпай келген. Былтыр апасы каза болуп калган болчу. Абалы жакшы эмес болуп турганына байланыштуу бул суук кабарды угузган жокпуз. Бүгүн бир тууган агасы, жеңеси учуп келишет, 1-2 күндө Бишкекке алып кетишмей болду", - дейт А.Мырзабеков.

Дарыгерлердин айтымына караганда, Талас Турдубаев август айынын аягында ооруканага оор абалда түшкөн. Дарыгерлер ага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүшкөн, дарылануудан толук өткөн. Сентябрь айында эле дарылануусу аяктап, ооруканадан чыгарылган. Бирок анын барар жери жок болгондуктан, жакындары келбегендигине байланыштуу ал ооруканага калтырылган.

"Абалы жакшы эле, негизи. Болгону моюнундагы түтүктүн айынан үнү чыкпай калыптыр. Азыр сүйлөй албай кыйналат. Бирок колдору менен түшүндүрүүгө аракет кылат. Москвада Талас облусунун тургундарынан турган "Талас" фонду бар, учурда жердештери акча чогултуп финансылык колдоо көрсөтүүдө. Дарыгерлер аны мурунку калыбына келүү үчүн убакыт керек жана тиешелүү дарылануудан өтүүсү керектигин айтышты", - деп кошумчалады тууганы.

Эске салсак, SUPER.KG порталына Москва шаарындагы ооруканалардын биринин нейрохирургия бөлүмүндө башынан оор жаракат алган Кыргыз жараны 2,5 айдан ашык убакыттан бери жатканын билдиришкен. Оорукананын кызматкери дарыгерлер бейтаптын туугандары табылбаса ага медициналык жардам көрсөтүүдөн баш тартуу маселеси каралып жаткандыгын айткан.


кошулду
Москвада ооруканада оор абалда жаткан Кыргыз жаранын туугандары Бишкекке алып келет
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aza84
2018-10-25 15:00:01
Сакайып кетсин
+1
asdef
2018-10-25 15:34:59
Каякта журду туугандары ушуга чейин,обьязательно СМИ ге чыкканда гана аракет кылыш керек беле. Ага чейин эмне учун издешкен жок
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан