Ош облустук төрөтканасында 16 жаштагы кыз көз жарды. Бул тууралуу маалыматты аталган төрөткананын башчысы Гүлбайра Кенжебаева ырастады.
Маалым болгондой, өспүрүм кыз 28-октябрда көз жарган.
"Кыз алгач төрөтканага түшкөндө жаш курагын жашырып койгон. Биз ооруканадан чыгарып жатканда ал келиндин документтерин суратканбыз. Ошондо гана биз анын 16 жашта экенин билдик. Бизге анын күбөлүгүн апасы алып келди. Кийин милиция кызматкерлерине кабар бердик. Эне менен баланын ден соолугу жакшы. Ал үч килограмм салмактагы уул төрөдү. Жаш эне канча жашта турмушка чыкканын, турмушка өз эрки менен чыкканбы деген сыяктуу териштирүүлөрдү учурда милиция жүргүзүп жатат", - деди Кенжебаева.