БИР ЖЫЛ МУРУН: Экс-депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновду өз үйүнөн атып кетишкен. Орусиядан кармалган шектүүлөр дале өткөрүлүп бериле элек

Бир жыл мурун, тагыраагы, 2017-жылы 6-ноябрга караган түнү 43 жаштагы Улан Саляновду Бишкектин Көк-Жар жаңы конушундагы өз үйүнөн белгисиз адамдар атып кетип, ооруканага жетпей көз жумган. Ал Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аида Салянованын бир тууган иниси болгон.

Факты боюнча Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан кылмыш иши ачылып, кийин шектүү катары үч адам кармалган. Алардын экөөсү учурда Орусиянын абак жайында кармалууда. Ал эми иш сотко жетип, каралып баштады.

"Акча талап кылышкан"

Окуянын эртеси Аида Салянованын жактоочусу Улан Жумаков маркумдун үйүнө кол салгандар 4 адам болгонун жана алар түнкү саат 2:00 чамаларында үйүнө бет капчан кирип келишкенин айткан. Анын белгилешинче, бет капчандардын бири 17 жаштагы баласы Абай Саляновго тапанча такашкаганда, уулун коргоо үчүн алар менен бир топко чейин кармашып, ок жегенин билдирген. Ошондой эле маркумдун уулуна тапанча такагандар акча талап кылып, бирок натыйжада үйдөн эч нерсе алып кетпегендери белгилүү болгон.

Анын өлүмүнө шектүү катары Орусиянын Москва шаарынан кармалгандардын бири Асанэмир Абыкулов көрсөтмө берип, окуя кандай жагдайда болгонун айткан. Анын көрсөтмө учурунда айткан сөзүнө караганда, шектүүлөрдүн бири Эрмек Осмонкулов мас абалда болуп, шектүү Заур Насруллаев экөөнү Улан Саляновдун үйүнө акча алып чыгуу максатында алып барган.

"Саясий буюртманын белгилери бар"

Маркумдун эжеси Аида Салянова анын өлүмүндө саясий буюртманын белгилери бар экенин айтып келет. "Мен кылмыш ишинин ар бир барагы менен таанышып чыктым. Бул документтерге таянсам, анда "саясий буюртманын" белгилери бар".

Ошол эле учурда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен"фракциясы да өз билдирүүсүн таратып, Саляновду атайын даярдалган адамдар өлтүргөнүн айткан. Билдирүүдө Улан Саляновдун өлтүрүлүшү саясий өңүттөн, эжеси Аида Салянованын саясий көз карашына жана буга чейинки иш-аракеттерине байланыштуу болушу мүмкүн экендиги айтылган.

Шектүүлөрдү Орусия өткөрүп бере элек

27-декабрь күнү кечинде Саляновдун өлүмүнө шектүү катары 1986-жылы туулган Бишкек шаарынын Эрмек Осмоналиев аттуу тургуну кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Шектүү кармалган учурда анын жанынан Салянов атылган "Макаров" тапанчасы 17 огу менен табылган. Ал сурак учурунда күнөөсүн моюнуна алган. Ал эми кийин шектүүлөрдүн бири Асанэмир Абыкулов Орусиянын Москва шаарынан колго түшсө, экинчиси Заур Насруллаев да Орусиянын аймагынан кармалган. Учурда экөөнү тең Кыргыз жерине өткөрүп алуу аракеттери көрүлүп келет. Бирок ИИМ Заур Насруллаев Орусия жараны болгондуктан жаза мөөнөтүн ошол жактан өтөшү мүмкүн экенин билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулованын айтымында, Орусия өз мыйзамдарына ылайык, көп учурда кылмышка катышы бар болгон жаранын башка өлкөгө бербейт. Өткөрүп алуу маселелери эки өлкөнүн башкы көзөмөл органдарынын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы менен белгилүү болот.

"Заур Насруллаев Орусия жараны. Өлкө мыйзамына ылайык, ал жаза мөөнөтүн ошол жактан өтөшү мүмкүн. Бул башкы көзөмөл органдарынын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгынан кийин белгилүү болот. Ал эми экинчи шектүү Асанэмир Абыкулов Кыргыз жараны. Эл аралык конвенцияга ылайык, ал бизге өткөрүлүп берилет", - деди Аманкулова.

ИИМдин маалыматына ылайык, Улан Саляновдун өлүмүнө шектүүлөрдүн бири Эрмек Осмонкулов буга чейин карактоо, бейбаштык, уурулук сыяктуу кылмыш иштеринин негизинде 4 жолу соттолгон. Ал эми дагы бири Асанэмир Абыкулов да мурда бир нече жолу соттолгону кабарланган.

Иш сотко жетти

ИИМ тергөөнү жыйынтыктап, материалдарды сотко өткөрүп берип аны Биринчи Май райондук соту 6-сентябрда карап баштаган. Бирок үч ирет белгиленген соттук отурум жүйөлүү себептер менен башка күнгө жылып кеткен.

Ал эми 10-октябрга дайындалган соттук кароодо жабырлануучу тараптын жактоочусу Рабига Сыдыкова ишти кайрадан тергөөгө жөнөтүү керектигин өтүнгөн. Сот өтүнүчтү канааттандырган эмес. Кийинки сот отуруму 15-ноябрда улантылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан