Интернет желесинде Макгрегор аттуу баланын жалпы жарандык паспортунун сүрөтү тарап, социалдык тармактардагы кызуу талкуу дагы деле басаңдай элек. Сүрөттөгү маалыматка ылайык, баланын аты-жөнү - Макгрегор Алибеков. Ал ушул жылдын 19-июнунда Орусияда төрөлгөн. SUPER.KG порталы бөбөктүн атасы, Тимур Алибеков менен байланышып, чакан маек курду.
- Саламатсызбы? Интернетте уулуңуздун паспортунун сүрөтү тарап, талкууга алынып жатат. Эмне себептен уулуңузга өзгөчө ат коюуну чечтиңиз?
- Саламатчылык. Өзүбүз Жалал-Абад облусунун Ноокен районунан болобуз. Көп жылдан бери Москва шаарында ашпоз болуп эмгектенип келем. Бир топ жыл балалуу боло албай жүрүп, уулдуу болсом өзгөчө, элде сейрек кездешкен ат коём деп кыялданып койдум эле. Тилегим кабыл болуп уулдуу болдук. Кандай ат койсом экен деп ойлонуп жүрүп, 2-3 жылдан бери беттештерин калтырбай көрүп келе жаткан мушкер Конор Макгрегордун ысымынан коюуну чечтим. Макгрегордун бир гана беттештерин эле эмес, күнүмдүк жашоо-турмушуна да кызыгып, окуп турам. Менин жеке оюм боюнча, Конор спортчу катары гана эмес, ишкер катары да, жашоо образы менен да көпчүлүккө үлгү боло алат. Ошол себептен баламдын атын Макгрегор койдум.
- Эмне үчүн уулуңузга Конор деп эмес, Макгрегор деген ат койдуңуз? Бул ирландиялык мушкердин фамилиясы да?
- Конор деген ат Европада кеңири тараган ысымдардын катарына кирет. Мындан сырткары Конор аттуу башка дагы бир нече спортчулар бар. Ал эми Макгрегор деген ысым сейрек кездешет. Бул атты Англияда илгери падышанын гана туугандары ала алышкан. Башкалар уруксаты жок Макгрегор деген ысым ыйгарып алса, өлүм жазасына тартылган деген кепти уккан жайым бар. Аталган ысымды жөнөкөй жарандар колдонууга 1 кылым мурда гана уруксат берилиптир. Ирландиялык мушкердин атын эмес, фамилиясын балама ыйгаруумдун себеби дал ушунда.
- Макгрегор деген ысым койгонуңузду жакындарыңыз кандай кабыл алышты?
- Апам дароо эле макул болгону менен атам, туугандарыбыз "ушундай да ат болобу" деп башында каршы болуп жатты. Досторум да өзгөчө ат экен деп аябай таң калышкан. Азыр баары көнүп калышты. Жубайыма болсо, тескерисинче, уулубуздун аты аябай жаккан. Ал кандай маселе болбосун ар дайым мени колдоп, коштоп турат. Макгрегор деп айтуудан кыйналгандар жөн эле Марлен деп алышкан.
- Уулуңуз азыр жаныңыздабы? Чоңойсо спортчу болсо деген ниетиңиз барбы?
- Келинчегим менен уулум азыр айылда. Чоң ата, чоң энеси менен бирге. Жакында Москвага келүүгө камынып жатышат.
Уулум чоңойсо сөзсүз түрдө аны спортко катыштырам. Бирок эрежесиз уруш менен алектенүүсүн каалабайм. Анткени спорттун бул түрү коркунучтуу жана жаракат алып калуу ыктымалдуулугу көп. Боксчу болсо же эркин күрөш менен машыкса деген тилегим бар. Анан профессионал спортчу эмес, өзүнүн ден соолугу үчүн гана спорт менен машыгуусун каалайм.
- Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун беттешинде кимге күйөрмандык кылдыңыз?
- Конордун беттештерин 2-3 жылдан бери калтырбай көрүп келем. Анын беттештери ар дайым Москва убактысы боюнча таңкы саат 4-5терде болот. Уктабай көрөм, ушул аралыкта бир да беттешин өткөрүп жибере элекмин. Албетте, Хабиб менен болгон беттеште да Конорго жан тарттым. Тилекке каршы, мен жан тарткан мушкер утулуп калды. Ал беттештин айынан букмекердик компанияларга бир аз акча да уттуруп жибердим. Бирок тандоомо өкүнгөн жокмун. Макгрегор жеңсе да, жеңилсе да мен ар дайым ага күйөрмандык кыла берем.