Бишкектеги борбордук аянтта жаңы жылдык балатыны орнотуу иштери башталды

Бүгүн, 22-ноябрда Бишкек шаарындагы борбордук аянтта жаңы жылдык балатыны орнотуу иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Азыркы тапта балатынын каркасын орнотуу иштери жүрүүдө. Ал эми балатынын узундугу канча метр, ал кандай кооздолот жана ага канча акча каражат сарпталары мэриянын атайын чогулушунан кийин белгилүү болот.

Айта кетсек, былтыр өлкөнүн негизги балатысын орнотуу иштери 5-декабрда башталган. Анда балатынын узундугу 25 метрге жетип, аны кооздоо үчүн жалпы 1 миллион 200 миң сом сарпталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан