Жалал-Абад шаарындагы бала бакчада балдардын сабалган окуясынан кийин мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин билими текшерилмей болду. Бул окуяга байланыштуу шаардык аткаруу бийлиги кадрларды текшерүү иштерин жүргүзүү буйругун чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда SUPER.KG порталына Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Ырысбек Калчаев маалымдады.
Белгилүү болгондой, Жалал-Абад шаарынын аймагында 22 муниципалдык мектепке чейинки билим берүү мекемеси катталган.
"Учурда атайын комиссия түзүлгөн, алар тарабынан Жалал-Абад шаарындагы бардык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин квалификациялык даярдыгы текшерилет. Андан сырткары, бала бакчалардын жетекчилерине өз кызматкерлери менен сүйлөшүп, тартипке келтирүү тапшырмасы берилди. Атайын комиссияны шаардын социалдык маселелер боюнча вице-мэри жетектеп, курамында 5 адис бар. Мындай текшерүү иштери менен балдар бакчаларындагы терс көрүнүштөрдүн алдын алып, кызматкерлердин даярдыгын көзөмөлдөөгө арналган", - дейт Калчаев.
Эске салсак, мындан эки күн мурун интернетте бала бакчада тарбиячы кичинекей балдарга кыйкырып, урган видеосу тарап, кызуу талкуу жараткан. Видеону жөнөткөн адам окуя Жалал-Абаддагы №21-бала бакчада болгонун жана видеодогу тарбиячы тарабынан мындай жүрүм-турум адатка айланганын айткан.