Орусияда кыргыз-казак мигранттарынын ортосунда жаңжал чыкты делген маалымат боюнча Казакстандын ички иштер министрлиги комментарий берди

Орусияда кыргыз-казак мигранттарынын ортосунда жаңжал чыкты делген маалымат боюнча Казакстандын Ички иштер министрлиги комментарий берди. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Казак жарандары кыргыздар менен эмес, тажикстандык мигранттар менен жаңжалдашкан.

"Интернетке тараган видеодогу окуя 22-ноябрь күнү Амурск облусундагы газды кайра иштетүүчү заводдо болгон. Массалык жаңжалдын катышуучулары тажиктер менен биздин мекендештер болгон. Учурда жергиликтүү укук коргоо органдары окуянын чоо-жайын иликтеп жатышат. Бардык күнөөлүү адамдардын аты-жөнү аныкталды", - деп билдирген Казак ИИМинин расмий өкүлү.

Белгилей кетсек, Амурск облусундагы газды кайра иштетүүчү заводдун аймагында, кыргыз жана казак мигранттарынын ортосунда жаңжал чыгып, анын кесепетинен бир жаран жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн орус басылмалары жазган.

Орусиядагы кыргыз элчилиги SUPER.KG порталына окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын жана толук маалымат кийинчерээк берилерин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
miki87-06
2018-11-26 15:58:08
Кыргыз жарандары эмес экени жакшы эле болуптур
+7
atanazarov10
2018-11-26 16:20:21
Мына Казактарды кордунорбу ушинтип иштеш керек.
Биздикилер кийин маалымат беребиз дешип керсейишет...
+11
Дарыгер
2018-11-26 16:39:04
atanazarov10, биздикилер. Социальная тармактан бироолордун маалыматын эле жарыялап коет болуш керек. Эч кандай толку маалымат беришпейт го
+5
bek_tash
2018-11-26 16:40:39
atanazarov10, ооба да. Кыргыздар эмес экенин казакстан эмес биздин "урматтуу" минстрлерибиз айтыш керек болчу биринчи.
+5
Dembele84
2018-11-26 16:45:49
Биздикилер эси ооп,териштирип атабыз,сураштырып атабыз дегиче бардыгы анык болуп бутту.
+8
Sahka
2018-11-26 17:28:51
Орустар да кээде ойуна келгенин оттоп коет да.
+6
PROS
2018-11-26 17:56:16
КР ТИМи жалган маалымат берген Орусиялык журналисттерди жоопко тарттырыш керек, аңкайып ии ошондой бекен дебей.
+8
raykray
2018-11-26 23:37:12
Биздикилер териштирип журот,бир айдан кийин сурасанда териштирип аткан ушуга окшогон ишти
+1
kentavr
2018-11-27 14:41:47
Кыргыз казак биртууган
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан