Майлуу-Сууда кызмат учурунда токко урунуп, эки колу кесилген Руслан Сапарбаевдин окуясы боюнча аскер бөлүктүн эки кызматкери үч жылга шарттуу кесилди. Мындай чечимди Майлуу-Суу шаардык соту 30-ноябрь күнү чыгарганын “Кылым шамы” уюмунун директору Азиза Абдирасулова билдирди.
Маалыматка ылайык, эки кызматкердин бири аскер бөлүктүн командиринин техникалык маселелер боюнча орун басары болсо бири курулуш маселелери боюнча сержант болгон.
"Бул окуя боюнча эки кызматкер тең окуяга түздөн-түз тиешеси бар, өз учурунда алдын алган эмес деген себеп менен “Шалаакылык” беренеси боюнча күнөөлөнүп, үч жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды", - деди ал.
22 жаштагы жоокер Руслан Сапарбаев 7-август күнү Майлуу-Суу шаарындагы аскердик бөлүктө электр көмөк чордонунун аймагына кирип, токко урунган. Алган жаракатынан улам эки колунун чыканагына чейинки бөлүгү кесилген.