Караколдун мэри: "Президенттин агасынын күйөө баласы болом. Бул чын"

Каракол шаарынын мэри Адыл Каниметов президент Сооронбай Жээнбековдун агасы Жусупбек Шариповдун күйөө баласы экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-декабрда SUPER.KG порталына жооп берип жатып билдирди.

"Ооба, Жусупбек Шариповдун күйөө баласы деген маалымат чын. Жусупбек Шарипов кайнатам болот. Караколдун мэри болгонума ал кишинин тиешеси жок", - дейт Каниметов.

Буга чейин Караколдун мэри "Жусупбек Шариповдун күйөө баласы болосузбу" деген суроо узатылганда угулбай жатканын айтып, кайра өзү чала турганын билдирген эле. Бирок ал тараптан чалуу болбогон соң, кайра байланышсак, анын телефону өчүрүлгөн болуп чыккан.

Каракол шаарынын мэри кызматына Адыл Каниметов октябрь айында шайланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан