"Абдималик Бусурманкулов "Манас" аэропортунун жетекчилигине дайындалып, кайра кызматтан алынды" деген ушак". Мындай маалыматты SUPER.KG порталына мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев билдирди.
Анын айтымында, "Манас" аэропортунун жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп Мирлан Бегалиев иш алып барууда. "Мирлан Бегалиевди кызматка директорлор кеңеши тандады. Ал эми "Абдималик Бусурманкулов дайындалып, кайра кызматтан алынды" деген ушак", - деди Түлебердиев.
3-декабрда "Манас" эл аралык аэропортунун жетекчиси Эмир Чукуев өз арызы менен кызматынан кетти. Кийин "анын ордуна Абдималик Бусурманкулов милдетин аткаруучу болуп дайындалып, президенттин жердеши экени белгилүү болгон соң кызматтан кайра алынды" деген маалыматтар тараган. Көп өтпөй Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Манас" аэропортунун жетекчисинин милдетин аткаруучу кылып Мирлан Бегалиевди дайындады.
Бегалиев буга чейин "Манас" аэропортунун Бишкектеги филиалын жетектеп келген.