Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги менен Турак жай жана коммуналдык чарба башкармалыгы Кара-Суу районуна караштуу Калинин айылында курулуп жаткан 320 орундуу А.Сматов атындагы орто мектептин курулушуна текшерүү жүргүздү. Мындай маалыматты Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Текшерүү учурунда мектептин полун тактайлоодо курулуш талаптарын жана нормаларын бузуу аныкталган. Тактайлоо учурунда полдун алдында жетиштүү аба алмашып туруу шарты түзүлгөн эмес. Анын кесепетинен 6 окутуу классынын жана башка кошумча кабинеттердин полу ным тартып, жараксыз абалга келген. Жарактан чыккан жалпы аянт курулуш боюнча 400 чарчы метрди түзөт.
Түзүлгөн комиссиянын чыгарган жыйынтыгына ылайык курулуш жүргүзүп жаткан подрядчиктер кыска мөөнөттүн ичинде жыгач полдорду курулуш тартибине ылайык кылып өз эсебинен оңдоого милдеттендирилди. Курулуш жүргүзүп жаткан "Эрмек-Юг ЛТД" мекемеси комиссиянын бардык эскертүүлөрүн аткарууга тил кат жазып берди", - деп билдирди маалымат кызматы.
Айта кетсек, буга чейин окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жоош айыл өкмөтүнүн Калинин айылындагы жаңы салынып жаткан мектеп колдонууга берилбей жатып тактайлары сынып, түшүп жатат деген маалымат жиберген.
Кабар жөнөткөн окурман "Мектеп курулушу өкмөт тарабынан каржыланган. Өкмөт акча бөлгөндөн кийин тиешелүү министрлик тарабынан аягына чейин көзөмөлдөнүшү керек эле", - деген.