1901-жылы 28-декабрда Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн бири, Кыргыз ССРинин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы, кыргыз калкынын көрүнүктүү уулу, белгилүү саясий жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахманов төрөлгөн.
Ал Каракол уездиндеги Күнгөй Ак-Суу болуштугунун Чиркей айылында бай-манаптын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Бала чагы Сазановка айылында өтүп, 3 жылдык жергиликтүү орус мектебин бүтүргөн. 1914-жылы Караколдогу шаардык жогорку училищеде окуп, 1916-жылкы окуя анын билим алуусуна кедергисин тийгизген. 1920-жылдан тарта ал партиялык кызматка аралашып, 1924-жылы Түркстан Борбордук аткаруу комитетинде жооптуу катчынын милдетин аткарган. 1927-жылы 12-мартта 26 жашында Кыргыз автономиялык облусунун Элдик комиссарлар кеңешине төрагалык кызматка дайындалган.
Абдрахманов өз элинин тарыхын изилдөөчү катары республиканын тарых илиминин өнүгүшүнүн башатында турат. Анын Кыргыз мамлекетинин тарыхы боюнча алгачкы эмгеги 1928-жылы "Кыргызстан" деген ат менен жарык көргөн. Мындан тышкары анын 1916-жылкы көтөрүлүш жөнүндө чындык жана акыйкат өңүтүндө жазылган "Күндөлүгү" жана башка китептери белгилүү.
1933-жылы сентябрда Жусуп Абдрахманов "Коммунисттик партияга каршы аракеттенген" деген жалаа менен ишинен бошотулуп, партиянын катарынан чыгарылган. 1937-жылы 10-июнда "контрреволюциячыл "Алаш-Ордо" уюмунун катышуучусу" деген жалаа менен камакка алынган. 1938-жылы 5-ноябрда бейкүнөө атылган, бирок 1958-жылы кайрадан акталган.
28-декабрга карата жылнаама.