ЭЛДИК ВИДЕО: "Түрмөдөгү Жаңы жыл"

SUPER.KG порталынын ЭЛДИК ВИДЕО бөлүмүнө "Түрмөдөгү Жаңы жыл" аталышындагы видео жүктөлдү (ник: gul-jana2). Анда көрүнүп тургандай, колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жарандар түрмөнүн короосунда Жаңы жылды майрамдап, бири-бирине каалоо-тилектерди айтышат.

"Ден соолук болсун, биздин "братаныбыз" Камчынын өмүрү узун болсун" деген каалоо-тилектер да айтылат. Сөз болуп жаткан адам кримтөбөл Камчы Көлбаев деп баамдоого болот.

Мындан соң абактагылар үчүн атайын фейерверк уюштурулганы тартылган. Абактарда жазасын өтөп жаткан жарандарга уюлдук телефон колдонууга тыюу салынганына карабай, алардын көпчүлүгү асмандагы кооздукту телефонго тартып жатканын байкоого болот. Маалыматтарга караганда, аталган видео №16-колонияда тартылган. Бул абак Чүй облусунун Беловодск айылында жайгашкан.

Түрмөдөгү Жаңы жыл
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
aslan_akjol89
2019-01-06 10:39:55
Каяктагы бир Абдулла Юсуповго самсы манты кирип атат,анан жашоодо анча мынча жанылыштык кетириген бир тууган,жердештерибиз маанайларын бир которуп алса эч нерсе болбойт
+11
Kattaldym
2019-01-06 11:34:09
Жетекчи соройлор эмне дешээр экен эми...? Эмне деп актанышаар экен?
+4
senchi
2019-01-06 11:34:29
Түрмөдө жыргап жүрүшөтго,жакшылыктар болсун деп койуп
+5
bond02
2019-01-06 11:50:45
Ар бир адамга майрам болсун, бирок бул законго туура келбеген корунушту жайылтпай эле койсо болмок.
+12
sabyr86
2019-01-06 12:44:32
Кылмыштуулук эмнеге коп? жазасын алышпайт жыргап жүрүшөт ушинтип.Биз сыртта жан үрөп иштеп балдарыбызга салют алып бере албайбыз булар болсо түрүн аттырып атышат.Бийлик коррупция менен катуу күрөшүп атат бир болсо.
+6
zhykyo
2019-01-06 13:04:04
Братва камчы аман болсун дейби?Элдин баарын эле камалып кеткенби ой ой билбейм
+4
Ma9
2019-01-06 14:31:22
Мен деле турмонун жанында жашайм Элден дагы коп ушулар атат турмо деген эле аты болбосо тооктон бери багып жешет экен катту жаза беришкенде чыгып алып кайра кылмыш кылышпайт эле
+2
tular
2019-01-06 15:06:13
Согунгум келди бирок банга тушуп каламда! Мына турмо, Кыргызтандын... Жогоруда бироо жазгандай, бир двордун эли чогулуп жаны жыл тоскондой эле болушуптурда!!! ГСИН кайда карап отурушат???
+2
Muslim_KGstana.
2019-01-06 15:57:11
Отургандардын 60-70%тел.колдонушат и как положно вотсап колдонушат,кундо туугандары менен вотсап аркылуу суйлошуп турушат фотолордон ыргытышып))
Мен таанышым отуруп чыккан эле
+2
Aikaaaa
2019-01-06 18:35:22
Эми муну интернетке чыгардың деп, издеп, таап,эки-үч күндөн кийин ушул түрмөдөн өзүн өзү өлтүрдү болуп жаңылык угуп калбасак экен
+1
Krai
2019-01-06 18:55:32
Эххх турмо десе эле журогум тыз дей тушот менин да бир тууган иним отурат оруссиянын абагында... аны менен 2 айда бир суйлошобуз болгону 10 минут... кундо Кудайдан тилеп, эртерээк чыгып келсе экен бир боорум деп... жаштык кылып кирип кетти эле эстеген сайын журогум эзилет
+3
ma2as
2019-01-06 20:27:36
Турмо - бул жер адамды сырткы дуйнодон изолировать этиш учун эле эмес , кылган кылмышы учун азап тартчуу жер .Копчулук укса керек , жээ таанышы кабылган мындай учурга - турмодо олтуруп зерикенинен тел чалып кылбаган ишти кылышат , кээ бирлери тел чалып алдаса , кээ бирлери тел менен ал жакта олтуруп алып сырта тынч жашаган адамды коркутушат . Мисалы мага ал жакта олтурган бироо турмонун тили менен мени коркутуп , уй булону андай мындай кылып жиберем десе - мен созсуз кормокмун ...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан