Тоң районундагы Бүркүт айылынын Рамис Закирияев аттуу тургуну Ак Үйдүн алдына барып түкүрүп, видеосун интернетке чыгарган. Бүгүн, 8-январда ал Тоң районундагы үйүнөн Биринчи Май райондук милиция кызматкерлери тарабынан Бишкекке алынып келди. Ал алгач Биринчи Май райондук администрациясына кирип чыгып, андан соң SUPER.KG'ге эмне себептен Ак Үй алдына барып түкүргөнүн айтып берди. Ошондой эле бул аракети үчүн элден кечирим сурай турганын белгиледи.
"Ак Үй алдына барып түкүр деп мени эч ким үгүттөгөн эмес, өз каалоом менен барып түкүрдүм. Бирок муну менен элди "мыйзамды бузгула" дегенге үгүттөгөн жокмун. Мыйзамга эч кандай каршылыгым жок, баш ийгем. Ошондуктан кылган аракетим үчүн уялам. Себеби түкүргөн туура эмес. Бирок бир жагынан карап көрсөң башка өлкөлөрдө жолдор жуулуп таза турат. Биздики андай эмес. Ошону көрүп туруп анан кантип түкүрбө деп айтат? Ошолорду да туура карап, мыйзам кабыл алышса жакшы болмок. Ал эми салынган айып пулду төлөгөн соң түкүргөн жериме барып элден кечирим сурайм. Бирок бийлик адамдарынан, депутаттардан эмес, аларды шайлаган элден", - деди Закирияев.
Закирияев айып пулду төлөй элек. Айып пулду төлөө үчүн алгач Биринчи Май райондук администрациясы тарабынан атайын комиссия түзүлүп, анын жыйынтыгы менен токтом кабыл алынышы керек.
"Кечээ Тоң райондук милициясына чакырышкан. Баргандан кийин түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кайра коё берип коюшту. Бүгүн эртең менен Бишкектеги Биринчи Май райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери Тоңдогу үйүмө барып, Бишкекке алып келишти. Азыр райондук администрацияга кирип чыктым. Бул жактан "жакында комиссия түзүлөт, келип суроолорго жооп бересиз, андан кийин чыгарылган токтомдун негизинде айыпты төлөп кетесиз" дешти. Макул болдум. Себеби азыр кимге төлөйм? Комиссия карамайынча, токтом чыкмайынча айып пулду төлөй албайт экенмин", - дейт ал.
Закирияевдин Ак Үйдүн алдында түкүргөн видеосу коомчулук тарабынан кызуу талкууланып жаткан учурда анын дипломун өрттөп жиберген видеосу да интернетке тарады.
Өзүнүн айтымында, буга чейин Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде 5 жыл окуп программист адистигине ээ болгон. Бирок кесибине ылайыктуу жумуш таба албагандыктан мындан бир канча күн мурун дипломун өрттөп жиберген.
"Убагында аябай аракет кылып, элди көтөргөн жигит болом деп ойлогом. Бирок азыр кандай жолдо баратканыбызды өзүңөр билесиңер. Таанышы, акчасы жок дегендей болуп эле эч нерсеге жетише алган жокмун. Ошондуктан дипломдун мага кереги жок экен. Бир күнү керек болуп калат деп катып алгым келген жок", - деп кошумчалады.