"УКМКнын 9-бөлүмүнүн мурунку башчысы Дамир Мусакеев негизсиз айыпталып жатат, бул нерсе Атамбаевдин жанында калган адамдарды жок кылуу аракети". Мындай билдирүүнү бүгүн, 8-февралда КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Дамир Мусакеев Алмазбек Атамбаевди БАЭге болгон жеке сапарында коштоп барган. Кечээ күнү аны Аскердик прокуратурага суракка чакырышты. Кечинде Биринчи Май райондук соту бөгөт коюу чарасын карап, өлкөдөн чыкпоо жөнүндө кол кат алуу чечимин чыгарды.
Ал УКМКнын 9-бөлүмүн жетектеп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп эч негизсиз эле шектелүүдө. Кылмыш иши мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери арасында кызматтык турак жайды бөлүштүрүү тууралуу болуп жатат.
Баса белгилей кетчү жагдай, бир дагы кызматтык батир менчиктелген эмес. Демек, мамлекетке эч кандай материалдык доо кеткен жок. Биздин юристтердин айтымында, Дамир Мусакеевге коюлуп жаткан доо юридикалык жактан алып караганда келечеги жок. Ошондуктан биз бул иш саясий өӊүттө болуп жатат дейт элек. Бардыгына оркоюп эле көрүнүп калды, экс-президентти сатпай, "Форумдан" кетпей Алмазбек Атамбаевдин жанында калган адамдардын баарын жок кылуу буйругу иш жүзүнө ашып жатат", - деп жазган билдирүүдө Жолдубаева.