Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы кызматына дайындалды. Маалыматты бүгүн, 8-февралда өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгулов тастыктады.
ЖАМКнын маалымат кызматы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Турганбаевди жамаат менен тааныштырганын SUPER.KG'ге маалымдады.
Өмүр баяны:
Мелис Турганбаев 1962-жылы 19-февралда Фрунзе шаарында төрөлгөн;
1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин экономист адистиги боюнча аяктаган;
1986-жылы Кыргыз ССР ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкери;
1987-жылы Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүндө ыкчам кызматкер;
1993-жылы Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси;
1996-жылы Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин жетекчисинин орун басары;
1998-жылы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;
2000-жылдан тарта ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары жана оор кылмыш иштери менен күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси;
2001-жылы Бишкек шаардык Биринчи Май РИИБинин жетекчиси. Ушул эле жылы Бишкек ШИИББинин жетекчисинин орун басары;
2005-жылы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчиси;
2006-жылы ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси;
2008-жылы ички иштер министринин биринчи орун басары;
2008-жылы Маңзаттарды көзөмөлдөө агенттигинин директору;
2010-жылы ички иштер министринин биринчи орун басары;
2014-жылы ички иштер министри болуп дайындалган;
2016-жылдын 30-май күнү өз каалоосу менен министрлик кызматтан кеткен.