Саясатчылар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов мөөнөтүнөн мурда бошотулду

Бүгүн, 12-февралда абактагы саясатчылар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов мөөнөтүнөн мурда бошотулду.

Жогорку Соттун маалымат кызматы буга чейин Кадыров менен Асановду абактан бошотуу тууралуу чечим кабыл алынганын билдирген.

2016-жылдын март айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландоодо" деген негизде камакка алынган.

2017-жылы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарган өкүмгө ылайык, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров "кылмышка даярдануу" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылдан эркинен ажыратылышкан. Эрнест Карыбеков "кылмышты жаап-жашыруу" жана "мамлекеттик чыккынчылык" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга кесилген.

2018-жылдын 7-июнундагы Жогорку Соттун чечими Кылмыш-жаза кодексинин 38-309-беренесине өзгөртүлүп, соттук коллегия тарабынан жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүгүнө байланыштуу соттолуучуларды абактан бошотуу чечими кабыл алынган. Анда Асанов менен Кадыровдун жаза өтөө мөөнөтү 8 жылга, Карыбековдуку 14 жылга кыскартылганы маалым болгон. Эрнест Карыбековдун качан камактан чыгары тууралуу азырынча маалымат жок.

Саясатчылар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов боштондукка чыгарылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан