Эки колунан ажыраган жоокердин соттук иши 21-февралда уланат. Укук коргоочу "тиешеси барлар 5 жылга кесилсин" деп талап кылууда

Майлуу-Сууда кызмат учурунда токко урунуп, эки колу кесилген Руслан Сапарбаевдин иши Жалал-Абад облустук сотунда каралды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 14-февралда укук коргоочу Азиза Абдирасулова кабарлады. Анын айтымында, сот отуруму 13-14-февраль күндөрү каралып, тараптардын катышуусунда жарыш сөз орун алды.

"Буга чейин Майлуу-Суу шаардык сотунун чечими менен аскердик бөлүктө иштеген эки кызматкер үч жылдан шарттуу кесилген. Шаардык соттун чечимине каршы экенин билдирип, алар облустук сотко кайрылышкан. Ошол эле учурда биз дагы каршы арыздарыбызды бергенбиз. Себеби шарттуу эмес, 5 жылга катаал режимде жаза мөөнөт менен чектелсин деп өтүнүч келтирип жатабыз. Бирок прокурор Майлуу-Суу шаардык сотунун чечимин күчүндө калуусун өтүнүп жатат. Кечээ жана бүгүнкү отурумда тараптардын жарыш сөзү орун алып, айыпталуучулардын биринин сөзү аягына чыкпай калды. Сот ишти улантууну 21-февралга жылдырды", - деди Абдирасулова.

22 жаштагы жоокер Руслан Сапарбаев 2018-жылы 7-августта Майлуу-Суу шаарындагы аскердик бөлүктө электр көмөк чордонунун аймагына кирип, токко урунган. Алган жаракатынан улам эки колунун чыканагына чейинки бөлүгү кесилген. Учурда үйүндө дарылануусун улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sagyn.91
2019-02-14 18:13:08
Териштирип журобергиле!
Качан эле ишти жаап куноолуулор жазасын алыш кк эле!
0
semo
2019-02-15 10:07:38
Бул кырсык болуп саналат атайын кылган жок да еми балага бир уй алып беришсин мамлекет кампенсатсия толоп берсин ошо менен жакшы еле болот учоону камаганда не пайда алардын дагы бала чакасы бар
0
Take_men
2019-02-15 12:37:34
Бала өзү транформаторго кирсе тиешеси жок эле адамдар эмнеге катаал жаза алыш керек? Тиешеси болгон күндө дагы алар жоокерди сүйрөп кирип токко урдурган жок да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан