Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын эки тургуну Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылуу жолдошту. Анда Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаровдун айыл тургундарын сотко берип, 1 жарым миллион сом талап кылып жатканы тууралуу айтылат.
Белгилүү болгондой, кайрылууга Орозкан Токторалиева жана Гүлнара Мирзакаримова аттуу тургундар кол коюшкан.
Анда алар тийиштүү органдарга кайрылышканы менен, жыйынтык болбогону, 2018-жылы Сооронбай Жээнбеков Ошко келгенде милиция президент менен жолугушууга өткөрбөгөнү белгиленген. "Кыргыз өлкөсүндө орточо эмгек акы 5-6 миң сом болсо, биз коррупционер болбосок, бизде мындай акча кайдан болмок эле? Тилекке каршы, карапайым эл сот жана укук коргоо органдарына ишенбей калышкан. Сотто коррупцияга баткан чиновниктер, байлар гана утушат. Карапайым адамдар күнөөлүү бойдон кала берет", - деп жазылат кайрылууда.
Буга байланыштуу аталган жарандар кайрылуусун Путин Жээнбековго жолукканда жеткирип коюусун өтүнүшкөн.
Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаров жогорудагы айыл тургундарын сотко беришине эмне түрткү болгонун түшүндүрдү.
"2017-жылдын октябрь айынан баштап алар бир жыл ичинде ар кайсы жакка кайрылып менин үстүмөн арызданып жатышты. Мындан улам бир канча текшерүүлөр жүрүп, менин эле эмес, Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүндө эмгектенген башка адистердин дагы ишине тоскоолдук жаратышты. 2018-жылы 15 жерден текшерүү келди. Ошол текшерүүнүн аныктамасын алып туруп, сотко бердим.
Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүндө жети айыл бар. Жети айылдын эң узак жайгашкан жери 12 чакырым алыстыкта. Текшерүү жүргөндө Керме-Тоо айылынан тургундар дагы келип жатышты. Булар жок жерден арыз жазганына байланыштуу сурак берүүгө келип жаткан эл да кыйналды. Быйыл дагы эл кыйналбасын деп, аброюма шек келтиришкени үчүн соттон алар 1,5 миллион сом төлөп беришин талап кылдым. Кара-Суу райондук сотуна арыз бергениме он күн болуп калды.
2011-жылы өкмөт тараптан бизге 52 гектар кайрак жер берилген. Жогорудагы эки тургун "суулуу жерден жер бересиң" деп менден талап кылып жатышат. 2009-жылы жер берүүгө мораторий киргизилген. Кайрак жер бизге трансформация болуп барган жок. Алгач эки тургунга тең айылдык комиссия тарабынан жер берилген. Орозкан Токторалиева, Махабат Кожошева аттуу тургундар 2013-жылы жер алышкан. Гүлнара Мырзакеримова "мен суулуу жерди алам" деп кайрак жерди албай койгон", - деди айыл өкмөт башчы.
Орусиянын президенти Владимир Путин март айында Кыргыз жерине келери айтылган.