Ош шаарындагы май куюучу жайдагы жарылуудан эки адам жаракат алган. Биринин абалы оор. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, шаар мэри коопсуздук эрежелери сакталбаган жана мыйзамсыз курулган май куюучу жайлар текшерүүгө алынарын билдирди.
"Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жарылуу болгон май куюучу жайга (АЗС) барып, тиешелүү кызматтардан маалымат алды. Калаа башчысы атайын комиссия шаардагы май куюучу жайларды текшерип, буга чейин мыйзамсыз курулган жана коопсуздук эрежелери сакталбаган май куюучу жайлар текшерүүгө алынарын билдирди. Андан кийин кырсыктан жабыркаган эки жарандан кабар алды", - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Жаракат алгандардын биринин абалы оор. Экинчи жаран да Ош шаардык ооруканасына жаткырылды, абалы орто.
20-мартта Ош шаарынын Курманжан датка (Юго-Восток) кичи районундагы май куюучу жайда жарылуу болуп, өрт саат 22:10до чектөөгө алынган. Кырсык болгон жайга "Тез жардам" кызматы жана ӨКМнын өрт өчүрүүчүлөрү өз убагында жетип барган. Кырсык боюнча милиция тергөө иштерин жүргүзүүдө.