Астана шаарын Нур-Султан деп өзгөртүүгө каршы 43 миңден ашык кол чогултулду. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, Казакстан борбор калаасынын атын өзгөртүүсүз калтырууну талап кылган петиция 20-мартта интернетке жарыяланган. 23-мартка карата аталган талапты колдогондордун саны 43 миң 981ге жетти.
Петициянын авторлору өлкөнүн жаңы президенти Касым-Жоомарт Токаевден жана "Нур-Отан" партиясынын мүчөлөрүнөн коомдук талкууга алынмайынча, Астана шаарынын ысымын өзгөртпөөнү талап кылышкан.
"Биз, Казакстан Республикасынын жарандары, борбор калаабыз Астана шаарын "Нур-Султан" деп өзгөртүүгө төмөндөгү себептерден улам каршыбыз:
1. Борбор шаардын атын өзгөртүү үчүн жөнөкөй көрнөк-жарнактардан баштап, эл аралык келишимдерге чейин өзгөртүү керек болот. Мунун баары ири өлчөмдөгү каражат сарптоону талап кылат. Билим берүү, медицина сыяктуу бир топ секторлордогу каржылык көйгөйлөрдү эске алуу менен мындай каражат сарптоолорду негизсиз деп эсептейбиз.
2. Астана - бул борбор шаардын көчүрүлүшүнөн баштап калыптанып келе жаткан жана аз убакыттан бери гана эл аралык аренада тааныла баштаган бренд.
3. Борбор калаанын атын өзгөртүү - бул бүткүл казак элинин талкуусу менен чечилиши керек болгон маанилүү маселе. Демек, чечим бүтүндөй коомчулук катышкан ачык добуш берүү жолу менен кабыл алынышы керек.
Ушундай себептерден улам бүтүндөй казак элинин алдында талкууга коюлмайынча борбор шаардын аталышын өзгөртпөөнү талап кылабыз", - деп жазылган петицияда.
19-март күнү Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев түз эфир аркылуу кайрылуу жасап, өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу чечимин кабыл алгандыгын жарыялаган. Назарбаев парламенттин төрагасы Касым-Жомарт Токаев убактылуу президенттин милдетин аткарарын кошумчалаган. 20-мартта жаңы президент Токаев ант бергенден кийин, Нурсултан Назарбаевдин атын түбөлүккө калтыруу үчүн борбор шаардын ысымын "Нур-Султан" деп өзгөртүүнү сунуштаган.