КҮНСОБОЛ: УКМК Өмүрбек Бабанов өлкөгө кайтып келсе жоопко тартылат деди. УКМКнын Бабанов тууралуу билдирүүсүндө саясий куугунтуктун белгиси байкалабы?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

21-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев "Республика-Ата Журт" фракциясынын айрым депутаттары Орусияга барып, Өмүрбек Бабанов менен жолугуп келишкенин маалымдаган. Анда ал Бабанов өлкөгө кайтып келүүнү пландап жатканын айткан. Ошол эле күнү Өмүрбек Бабанов интернет аркылуу кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктап, "жакында көрүшкөнчө" деп жазды.

Андан кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бабанов Кыргыз өлкөсүнө кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартылат деп билдирген.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "УКМК Өмүрбек Бабанов өлкөгө кайтып келсе жоопко тартылат деди. УКМКнын Бабанов тууралуу билдирүүсүндө саясий куугунтуктун белгиси байкалабы?" деген собол салды.

САБИРОВ: “УКМКнын Бабанов боюнча билдирүүсүндө саясий куугунтук байкалып турат”

Депутат Максат Сабиров билдиргендей, УКМКнын Бабанов өлкөгө кайтып келсе мыйзам негизинде жоопко тартылат деп билдиргени туура эмес.

“УКМК бул ишти мыйзам негизинде карап чыгабыз, күнөөсү болсо жоопко тартылат деп айтса туура болмок. Аталган мекеменин Бабанов боюнча билдирүүсүндө саясий куугунтук байкалып турат. Саясий куугунтук болбогондо эмне болуп жатат? Бабановдун өлкөдөн чыгып кеткенине 1 жарым жыл болду. Элдин баары эле анын күнөөлүү эмес экенин билишет. Ал өлкөдө мыйзамсыз иштерди жасайм деген жок да, мекенине кайтып келейин деп жатат. Бабанов биз менен жолукканда 1-2 аптанын ичинде барып калам деп айткан болчу, апрель айында келип калат го”, - дейт Сабиров.

КАЗАКБАЕВ: “Бабановго тиешелүү саясий ишти президент өзгөчө көзөмөлгө алат деп үмүттөнөбүз”

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев Өмүрбек Бабановго карата саясий куугунтуктун белгиси байкалат же байкалбайт деп айта албастыгын билдирди.

“Менин жеке пикиримде УКМК туура кылды. Анткени УКМК саясий иштерге өзүнүн оюн дайыма айтып турушу керек. Себеби президент, саясий лидер же жөнөкөй жаран болобу бардыгы мыйзамдын алдында бирдей. Бабановдун иши өткөн жылдагы президенттик шайлоого байланыштуу болгон. Биз бул эң кыска убакытта адилеттүү жана калыс каралып, иш жабылат деген үмүттөбүз. Президент Сооронбай Жээнбеков да өзгөчө көзөмөлгө алат деп ишенебиз.
УКМК эгерде Бабанов Кыргыз мамлекетине келсе тергөө иштери уланат, аны тергөө иштеринин алкагында суракка чакырабыз десе туура болмок. Себеби Өмүрбек Бабанов жоопкерчиликтен качпайт. Ал кылмыш ишине байланышкан суроолордун бардыгына келгенде так жооп берет деп ойлойм”, - деди Казакбаев.

МАМАТАЛИЕВ: “Бабанов расмий түрдө Кыргыз мамлекетине келем деп өзү айта элек”

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Бабанов жазган “жакында көрүшкөнчө” деген сөздү ар кандай бурмаласа болорун белгиледи.

“Өмүрбек Бабанов расмий түрдө Кыргыз мамлекетине келем деп өзү айта элек. “Жакында көрүшкөнчө” деген сөздү ар кандай бурмаласа болот. Бирок партиялаштар жана биздин депутаттардын бир тобу жакында келет деп айтып жиберишти. УКМК Бабанов жакында келет, биз аны камайбыз деп айта албайт. Алар мыйзам чегинде чара көрүлөт деди. Эгерде Бабанов келсе УКМК аны суракка чакырат да, өлкөдөн чыгып кетпөө жөнүндө тил кат алышы мүмкүн”, - деди Маматалиев.

КАРАСАРТОВА: “Бабановдун айткан сөзүндө “эки элдин кастыгын жаратуу жок” деп айткан эксперттер иштен бошотулган”

Укук коргоочу Рита Карасартова Бабановдун президенттик шайлоодо айткан сөзүнө эксперттердин баасы берилгенин белгиледи.

“УКМК Өмүрбек Бабанов мыйзамдын чегинде жоопко тартылат деп айтты. Анын саясатчы катары айткан сөзүндө "экстремисттик, эки улуттун ортосундагы кастыкты жаратуу барбы?" деген суроого эксперттер жооп беришкен. Эксперттердин тобундагы аттуу-баштуу профессорлор “бул кадимки эле кыргыздын күндө колдонулуп, сөздөрдү кооздоп кошкон макал-лакаптардын бири, эч кандай кастыкты жаратуу жок” деп билдиришкен. “Эки элдин кастыгын жаратуу жок” деп жооп берген профессорду Кыргыз улуттук университетинен жумуштан кетиришкен.

Экспертиза кастыкты жаратып жатат же жаратпай эле деген эки сөз менен аныкталбайт. Ар бир эксперттин “ооба же жок” дегенинин артындагы далилин көрсөтүү керек. Ал эми биздин экспертиза “ооба бар чакырык, жок чакырык” деген тейде иштеп жатып, канча деген кишилер камалып кетти.

Комиссия мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү Бабановдун айткан сөзүндө “эки элди козуткан чакырык бар” деп жооп беришкен. "Чакырык жок" деген эксперттерди жумуштан алып салышканы саясий куугунтук экенин билгизет. Ал эми УКМК экспертизанын корутундусуна таянып, “Өмүрбек Бабанов жоопко тартылат” дегендей айтты. Эксперттердин жообун өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарына ылайыкташтырып, бул жаатты да бийлик колуна кармаганы жатат”, - деди Карасартова.

ЖОРОБЕКОВ: “Бабановду жоопко тартууга негиз жок”

Саясий илимдердин доктору Жолборс Жоробеков Бабановдун күнөөсү болсо сот аныкташы керек деген пикирде.

“Бабановго каршы козголгон кылмыш иштерди айтсак, анын Он Адырда айткан сөздөрү боюнча экспертизанын жыйынтыгында "касташуу жок" деп жазылат. Экинчи маселе “бийликти басып алууга даярдык көрүү" жана "массалык баш аламандыкты уюштуруу" боюнча кылмыш иши Канат Исаевдин ишине байланыштуу болгон. Учурда Исаев бошотулду. Менин оюмча, Бабановду камоого, жоопко тартууга негиз жок. УКМКнын Бабанов жоопко тартылат дегени туура эмес. Анткени ал кишинин күнөөсү болсо сот аныкташы керек. Мурунку бийлик Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаровду, бир топ адамдарды жасалма күнөөлөр менен камап койгон. Азыркы президент мындай жолго барбайт го деп ойлойм”, - дейт Жоробеков.

Молдалиев: “Бабанов "мен келем” деп элдин, бийликтин реакциясын күтүп жатат. Ушундай учурда сак болуп калбай, сөз сүйлөрдө сак болуш керек”

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев Өмүрбек Бабанов күнөөм болсо жоопко тартылайын деп келсе, элдин ишенимине ээ болмок деген пикирин айтты.

“Саясий куугунтуктун белгиси болгон жок. Иш мурда эле козголгон. Өмүрбек Бабанов мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга катышкан деген аудиолор да тараган. Бабанов өзү лидер болом, президент да болом деп жүрөт. Мунун баарына жоопкерчиликтүү мамиле жасап, эгер күнөөм болсо жоопкерчиликке тартылууга даярмын деп келиши керек болчу да.

Бабановдун бир жоругу бар, бир нерсе болсо эле “мен саясаттан кеттим” деп Орусияга жөнөйт. Аз убакыт өткөн соң кайра пайда болуп, шайлоого, башкасына катышып калат. Майда-чүйдө иштерге илинип алып эле басып жүрөт. Бул качан токтолгон саясатчы болот белгисиз? Добуштарды сатып алам дебей, элдин колдоосуна да ээ болуш керек. "Эгер айткан сөздөрүмдө кылмыштын белгилери болсо, жооп берүүгө даярмын, мамлекеттик төңкөрүш жасоого ниетим жок болчу" деп келсе эл да анык саясатчы экен деп сыйлайт. Өзү элге “тизелеп жашагыча, тике туруп өлгүлө!” деп акыл үйрөткөн. Эми өзү Орусияда качып жүрөт.

“Бийлик адилеттүү экен, мен кайтып келем” деп элдин, бийликтин реакциясын күтүп жатат. Буга келгенде аябай сак болуп калат, сөз сүйлөрдүн алдында сак болуу керек эле. Бабановго партиялаштары, чоң кызматтагы эжелери туура кеңешин берсе болмок. Шайлоого аз калды, анын 2020-жылы өтө турган шайлоого катышайын деген ою бар. Ошол нерсеге азыртадан кам көрүп жатат. Аны элдин баары билип, түшүнүп турат”, - дейт Молдалиев.

КЕЛДИБАЕВ: “УКМКнын билдирүүсү Бабановду Кыргыз өлкөсүнө келтирбөө аракети”

Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев УКМКнын билдирүүсүндө саясий куугунтуктун белгиси байкалат деген пикирде.

“Бабанов тууралуу маалымат тарагандан кийин УКМКнын "эгерде Бабанов Кыргыз өлкөсүнө келсе жоопко тартылат" деген билдирүүсүнүн артында саясий мотив бар. Анда укуктук жактан эмес, саясий жактан басым болуп жатат. Бабановдун күнөөсү барбы, жокпу бул нерсени сот аныктайт. УКМК тергөө иштерин жүргүзөт деп айтса туура жана мыйзамдуу болмок. Мурдагы бийликтегилердин тушундагыдай, кандай болсо да жоопко тартылат дегендей маалымат Бабановду Кыргыз өлкөсүнө келтирбөө аракети деп айтса болот”, - дейт Келдибаев.

Ал эми Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Мурадыл Мадеминов, "Ата-Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов жана экс-депутат Камчыбек Ташиев жогорудагы суроого жооп берүүдөн баш тартышты.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан