УКМК: "Өмүрбек Бабанов өлкөгө кайтып келсе мыйзам чегинде жоопко тартылат"

Экс-депутат Өмүрбек Бабанов Кыргыз өлкөсүнө кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартылат. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта SUPER.KG порталына УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов ырастады.

Кечээ, 21-мартта депутат Кенжебек Бокоев "Республика-Ата Журт" фракциясынын айрым эл өкүлдөрү Орусияга барып, Бабанов менен жолугуп келишкенин айткан. Бокоев Бабановдун өлкөгө жакынкы күндөрү кайтып келиши пландалып жатканын билдирген.

"Эгер Өмүрбек Бабанов өлкөгө кайтып келе турган болсо, ал мыйзам чегинде жоопко тартылат", - деди Сулайманов.

Буга чейин "Республика-Ата Журт" фракциясынын мурунку лидери, экс-депутат Өмүрбек Бабанов интернеттеги баракчасы аркылуу Жаңы жыл майрамынын алдында кыргыз элин куттуктап, сөзүнүн соңун "жакында көрүшкөнчө" деп аяктаган. Кечээ да ал кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктап, "жакында көрүшкөнчө" деп жазган. Ал 2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан