"Жакынкы күндөрү Өмүрбек Бабанов Кыргыз өлкөсүнө кайтып келгени жатат" дейт Бокоев

"Жакынкы күндөрү экс-депутат Өмүрбек Бабанов Кыргыз өлкөсүнө кайтып келгени жатат" деп бүгүн, 21-мартта SUPER.KG порталына депутат Кенжебек Бокоев билдирди.

Анын айтымында, "Республика-Ата Журт" фракциясынын айрым депутаттары Орусияга барып, Бабанов менен жолугуп келишкен. "Биз Орусияга барып, Өмүрбек Бабанов менен учурашып келдик. Азырынча анын качан Кыргыз өлкөсүнө кайтып келе турганын так айта албайбыз, пландалып жатат", - дейт Бокоев.

Бүгүн Бабанов интернет аркылуу кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктап, "жакында көрүшкөнчө" деп жазган.

Буга чейин да ал Жаңы жыл майрамынын алдында элди куттуктап, "жакында көрүшкөнчө" деп сөзүн аяктаган.

2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан