"Мекенчил" партиясы менен "Ата Мекен" партиясы түбөлүк бирикпейт. Митинг өткөрүү үчүн биригет" дейт Мелис Аспеков

"Мекенчил" партиясы менен "Ата Мекен" партиясы түбөлүк бириккен жок" деп бүгүн, 27-мартта маалымат жыйында "Мекенчил" партиясынын тең төрагасы Мелис Аспеков билдирди.

"Эки партиянын лидерлеринин соттук отурумдары бир күндө болуп жатат. Ошондуктан биригип, 23-апрелде митингге чыгабыз. Садыр Жапаровдун соттук отуруму саат 9:00дө өтсө, Өмүрбек Текебаевдин соттук отуруму 10:00дө болот. Митинг 23-апрелде саат 8:00дө башталат. Мэрияга, Бишкек ШИИББине расмий кайрыла элекпиз. Жакындаганда расмий кат менен кайрылабыз", - дейт Аспеков.

Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.

2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган.

Жаңы ишке кирген Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык кодексине байланыштуу Жапаровдун ишин кайра кароо 23-апрелге белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан