Айрым жергиликтүү маалымат булактары жана интернет колдонуучулар өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаевдин кызматынан кеткенин жазышты. Анда өкүлдүн кызмат ордунан бошотулгандыгын Кыргыз-Тажик чек арасында болгон жаңжал менен байланыштырышкан.
Бул кептин чын-төгүнүн бышыктоо үчүн SUPER.KG порталы өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикуловага кайрылды. Ал бул маалыматты тастыктай да, төгүндөй да албай турганын билдирди.
"Менде азыр өкүл кызматтан бошотулду деген так маалымат жок. Кызматтан алынды деген буйрук чыкканын уга элекпиз. Бүгүн өкүл жумушка чыкканын же чыкпаганын билбейм, мен аны көрө элекмин", - деди ал.
Ал эми өздүк булактын билдирүүсүнө ылайык, Абиш Халмурзаев кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган.