Абактагы саясатчыларды колдоо митинги аяктады. Саат 16:00дө митинг кайра улана турган болду (видео)

Бүгүн, 23-апрелде Жогорку Сотто Садыр Жапаровдун иши каралууда. Жогорку Соттун имаратынын алдына Жапаровдун тарапташтары тынчтык митингин уюштуруп жатышат. Белгилей кетсек, сот залы тар болуп айрым тарапташтары жана айрым журналисттер батпай калышты.

2017-жылдын 2-августунда Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган.

Ошондой эле бүгүн, 23-апрелде Бишкекте экс-депутат Өмүрбек Текебаевди жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновду колдоо митинги өтөт. Саат 16:30да Жогорку Сотто алардын иши каралмакчы.

08:00. Жогорку Соттун алдына Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулууда.

08:40. Жогорку Соттун имаратына операторлор менен айрым журналисттер киргизилди. Зал тар болгондуктан көп журналисттер сыртта калды. Кирбей калган журналисттерге Жогорку Соттун өкүлү эч кимди бөлбөгөнүн жана бул болгону мыйзамдуу шарт экенин түшүндүрдү. Соттук кароо саат 9:30да башталат.

09:10. Сот залына Садыр Жапаровдун айрым туугандары киргизилүүдө.

09:12. Жогорку Соттун имаратынын алдында турган Садыр Жапаровдун тарапташтарынын катарына азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү да келип кошулушту. Алар колдоруна Жапаров айткан айрым цитаталарды жана өздөрүнүн талаптары жазылган лозунгдарды кармап алышкан.

09:25. Чыңгыз Айтматов атындагы Орус Драма театрынын алдына камактагы саясатчылардын тарапташтары чогула башташты. Учурда 100гө жакын адам келди. Алар "Атамбаев камалсын", "Сегизбаев камалсын", "Текебаевге боштондук", "Чотоновго боштондук" деген жазуулары бар плакаттар менен турушат.

09:30. Бул убакытка карата болжол менен 200 адам чогулду. Алардын арасында Текебаевдин аялы Айгүл Текебаева да бар.

09:30. Жогорку Соттун сот залына киргизилген Жапаровдун туугандары жана журналисттер сот отурумунун башталышын күтүүдө. Азырынча отурум баштала элек.

09:34. Сот залында отурум башталды. Сот отурум ачык өтөрүн жарыялады.

09:40. Жактоочулардын бири Шарабидин Токтосунов соттук коллегияга ишенбөөчүлүк көрсөттү. Ал биринчи соттук курам жарыяланган соң анан өтүнүчтөргө өтүү керек болчу деди. Жактоочунун башка кесиптеши Аким Токталиев да колдоду. Ошондой эле башка жактоочулар да Токтосунов менен макул болушту. Мамлекеттик айыптоочу жактоочулар келтирген өтүнүчтү четке кагып, канааттандыруусуз калтырууну өтүндү.

09:50. Жактоочу Аким Токталиев сотко "сиз өзүңүз уялып кетип калышыңыз" керек болчу деди.

"Сиз уят болбой кетип, ишти кароону башка судьяга өткөрүп беришиңиз керек" деди ал. Отурумда 6 жактоочу тараптан ишенбөөчүлүк көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу соттук коллегиянын 2 мүчөсү кеңешме бөлмөсүнө кирип кетишти.

09:51. Садыр Жапаровдун залда отурган тарапташтарынын бири соттор акыйкатсыз, бирок акыры баары жооп берет деген пикирин айтып отурду. Жактоочу аны тынчытууга аракет кылганда ал "Мен эч кимден коркпойм, бир гана Кудайдан корком" деген жооп узатты. Учурда кеңешме бөлмөсүнө кирип кеткен сотторду күтүп жатышат.
09:52. Камактагы саясатчыларды колдоо митингине келген Аида Салянова: "Баарыбыз адилеттүү чечимди күтүп жатабыз. Бүгүн көп адам чогулат. Текебаевдин тарапташтары борбор калаанын 5-6 жеринен чогулуп, Жогорку Сотту көздөй жүрүш жасашат".
10:17 Жапаровдун сотун кайра кароо ишинде жактоочулардын өтүнүчү сот тарабынан канааттандырылды. Судья соттук коллегиянын курамы өзгөртүлүп, ал иш менен таанышып чыгууга убакыт керектигин айтты.
10:20. Бул арада абактагы саясатчыларды колдоо митингинде элге кол чатыр таратылып жатат. Чогулган эл кол чатырларды талашып жатышат. "Текебаевге боштондук" деген кыйкырык, ураандар болууда. Учурда чогулган эл жөө жүрүшкө даярданып жатышат.
10:20 Учурда Садыр Жапаровдун сотунда 15 мүнөттүк тыныгуу жарыяланды. Судьялар эмки соттук отурумдун күнүн аныктоо үчүн кеңешме бөлмөсүнө кирип кетишти.
10:29. Абактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду колдоо митингинин катышуучулары жөө жүрүш жасап, Жогорку Соттун алдында Садыр Жапаровду колдоп турган митингчилерге келип кошулушту.
10:30. Бул арада Садыр Жапаровдун кайрадан каралып жаткан иши жылдырылганы маалым болду. Кийинки соттук отурум 30-апрель, саат 16:00гө дайындалды.
10:40. Экс-депутат Асия Сасыкбаева: "Үмүтүбүз өчүп бараткандыктан бүгүн митингге чыктык. Мамлекетибиздин 7 дубанынан абактагы чыгаан саясатчыларды куткарып алалы деп тынчтык митингине чыгып жатабыз".
10:50. Митингге келген Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко трибунага чыгып сөз алды. Ал эл менен кыргызча учурашып, "Саламатсыздарбы урматтуу мекендештер, урматтуу туугандар! Бүгүн абдан маанилүү, тарыхый күн. Мен бул күн менен баарыңыздарды куттуктайм", - деди. Митингчилер анын сөзүн колдоого алып, "Азамат" деп алкашты. Ал "Ата Мекен - эл үчүн турат бекем! Текебаевге боштондук! Чотоновго боштондук!" деген ураан менен сөзүн жыйынтыктады.
11:00. "Саясий туткундарды коргоо" комитетинин төрагасы Сапарбек Аргынбаев президент Сооронбай Жээнбеков саясий куугунтукка жол бербеши керектигин айтты. Ошону менен катар эле ал экс-президент Алмазбек Атамбаев, УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаев, мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева камалышы керектигин билдирди.
11:10. Депутат Каныбек Иманалиев: "Бул жерге 5-6 миң эл келди деп жатат, бирок бул жердеги митингди 6 миллион эл түз эфирден көрүп жатат. Кыргыз соту экс-президент Роза Отунбаева, БУУну укпай, бир Маевскийди укту. Бул соттун адилетсиздигин айгинелейт", - деди.
11:16. Соттордун калыссыздыгы тууралуу сүйлөп жаткан депутат Каныбек Иманалиевге эл арасынан Садыр Жапаровду колдоп келген тарапташтарынын бири Гүлжигит Исаков аттуу жаран "Бул сөздү Жогорку Кеңештин трибунасына чыгып сүйлө. Бул жакта башкаларга сөз берилсин", - деди. Мындан улам топтошкон эл арасында бир аз кайым айтышуу чыгып, Иманалиевге жооп кайтарган жаранды чагымчыл аташты. Тартип сакчылары кырдаалды жөнгө салуу аракетин көрүштү.
Митингге келгендердин арасында депутаттар Жанар Акаев, Исхак Масалиев, Алмамбет Шыкмаматов, Наталья Никитенко, Бахадыр Сулейманов, Эмил Токтошев, Каныбек Иманалиев бар.
11:20. Иманалиевге каршы сүйлөгөн митингчи Гүлжигит Исаковду сахнадан түшүрүп салышты. Ал Жапаровду колдоп келгенин айтты.
"Мен саат 9да сөз сүйлөөгө жазылгам. Депутаттар сахнаны узурпация кылып жатат. Жогорку Кеңеште элдин кызыкчылыгын сүйлөбөй бул жерге келип баатыр болуп жатышат. Текебаевдин тарапташтары бийлик менен сүйлөшүп алган. Ошон үчүн Атамбаев камалсын деп чыгып жатат. Мен чагымчыл эмесмин. Ата Мекенчилер Текебаевге болгон позициямды билген үчүн мени сахнадан түшүрүп салышты", - деген оюн билдирди.
11:40. Митингге 97 жаштагы улгайган жаран келип, чогулгандарга батасын берди. Митингдин модератору катары иш алып барып жаткан Асия Сасыкбаевага "мени какпай жүргүн, мен сени кагып коём" деди. Учурда Эмилбек Каптагаев сүйлөп жатат.
11:45. Эмилбек Каптагаев "Садыр Жапаровго боштондук!" деп ураан чакырды. Ал "кандай кооз ураан, сөз болбосун сот акыйкаттыгы болбосо коомдо адилет калыстык болот деп айта албайбыз", - деди.
11:50. Митингде экс-депутат Аида Салянова сөз алып сүйлөдү. Ал Сооронбай Жээнбеков же элди карайт, же жерди карайт деди. "Бийик адам каякта болбосун түрмөдөбү, эркиндиктеби бийик бойдон калат экен. Текебаев Европадан камаларын билип келген. Башкалар камалбайын деп Европага качат экен. Бүгүнкү чечимден бийлик элди карайт же жерди карайт".
12:00. Учурда митинг өтүп жаткан трибунанын чоң экранында видео көрсөтүлүп жатат. Анда Кыргыз мамлекетинин көйгөйлөрү тууралуу ыр ырдалууда.
12:05. Митинг уланууда. "Мекенчил" партиясынын мүчөсү Төрөхан Жунусбеков: "Атамбаевдин туура эмес саясаты үчүн Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов камалды. Бүгүн соттор Текебаевди жаңы жагдай менен карап актай турган болсо, Жапаровду дагы жаңы жагдай менен акташ керек", - деди. Ал "саясатчылар бошотулсун" деп эмес, "акталсын" деп талап кылуу керектигин билдирди. "Бошотулсун" десек мөөнөтүн кыскартып бошотуп коёт дейт ал.
12:10. Учурда экс-акыйкатчы Турсунбек Акун сүйлөөдө. Ал сөз аларда Төрөхан Жунусбеков "дежурныйларды жөн эле койсок болот эле" деген сөзүн айтты. Убагында Атамбаевдин жанында, бүгүн Сооронбай Жээнбековдун жанында жүрөт деди ал.
12:20. Учурда Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулган элди аралап "Жапаровго боштондук!" деп кыйкырышууда. Эл арасынан сөз сүйлөө үчүн жазылгандар чыгып сүйлөп жатышат.
12:30. Митинг аяктаар алдында турат. Депутат Алмамбет Шыкмаматов: "Мыйзамга таянып, адилеттүү чечим чыгаргыла деп талап кылдык. Резолюция кабыл алынат, анын тексти окулат", - деди Шыкмаматов. Учурда резолюциянын тексти окулууда.
12:40. Абактагы саясатчыларды актоо талабы коюлган резолюция кабыл алынып, митинг соңуна чыкты. Саат 16:00дө митинг кайрадан улана турган болуп, эл тарай башташты.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Mars575
2019-04-23 11:45:19
Текебаев камалганда АШАдан корккон куйругун кымчыгандар эми журот уялбай. Эртен Текебаев чыкса биринчи чуркап барат, ай ай дары болсундар
+1
elchi84
2019-04-23 12:26:41
Mars575,Эптеп жан багышат да кункарамалар .
+1
pat12
2019-04-23 19:11:39
Mars575,
Соке деле унчукпай отурган. Соке менен Теке враг.
0
Kubat77
2019-04-23 12:54:53
Мунапыс колданулуп март айында акталыпчыгыш керек эле омурбек текебаев .
0
Adil88
2019-04-23 13:20:17
Онгозу келседа Турсунбай Акун жонеле койсо болмок ХХХХ болуп ушул жетип кетет экенда Эл чогулган жерге
+2
Zein
2019-04-23 14:34:17
Adil88,ал коркуп атат да. Батукаевдин иши кайра каралса биринчи кетет экенин билет да.
+1
Baicho_0707
2019-04-23 17:24:01
Ушул Турсунбек Акунду жанынарга жолотпой эле койгулачы,жон эле журот калп эле кыйын болуп, мындай пайдасы жок чалдарды жоготуш керек жолотпой.Эртен эле артынарга суу куйуп кетет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан