Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайы 20-майдан 24-майга чейин маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Боом капчыгайынын 132-чакырымында таштарды атайылап кулатуу иштерине байланыштуу бул жол тилкеси саат 9:00дөн 15:00гө чейин маал-маалы менен жабылат.
"Эгер жолдо 30-40 машина чогулуп калса, таштарды кулатуу иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат. Ошондой эле таш кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.