28 жаштагы Тилек Токтогазиев айыл чарба министри кызматына өзүнүн талапкерлигин сунуштады. Ал кандай иштери менен белгилүү?

Тилек Токтогазиев28 жаштагы ишкер Тилек Токтогазиев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына өзүнүн талапкерлигин сунуштады. Ал айыл чарба тармагында кардиналдуу реформаларды ишке ашырууга жоопкерчиликти алууга даяр экенин билдирди.

"Биздин жүз миңдеген дыйкандарга окшоп өзгөрүүлөрдү күтө бергенден тажадым. Мен кандай реформалар керек экенин билем. Айыл чарба министрлигинин башкы максаты жана пайдалуулугунун белгиси дыйкандардын бакубаттуулугу болуш керек. Инновациялык технологияларды колдонгон бай дыйкан өзүнүн продукциясынын баасын түшүрө алат, кошуналарын иш менен, элди экологиялык таза продукциялар менен камсыздай алат", - деп жазды ал.

Ишкер Тилек Токтогазиев алгачкы миллион сомун 22 жашында тапканы жана чоң күнөсканаларды куруп иштетип жатканы менен коомчулукка белгилүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-05-24 16:16:48
Колдош керек!
+11
Kyrgyz_bloger
2019-05-24 16:18:42
Оо бул жигит чындыгында кыйын ушуну койгула айыл чарба министрлигине тиги экске караганда жакшы иштейт деп ойлойм.
+15
katerina.li
2019-05-24 16:39:16
Колдогула . Кыргыз элим ,ушу баланы.
+9
bessmertiy
2019-05-24 17:45:31
Иштейм дегендерди иштетсе сонун болмок
+7
Suzak12
2019-05-24 18:36:41
Сага окшогон кыргызымдын жигитери келсин иним бийлике.Ийгилик каалайм.
+6
Shef87
2019-05-24 18:49:50
Менден бир добуш
+4
amirrus
2019-05-24 18:53:11
жаш келсе ишке ...Акча жегенди пока уйроно элек болсо керек колдойлу жаштарды
+4
Altun76
2019-05-24 19:30:23
Колдойбуз иним
+3
minchynar1000
2019-05-24 20:49:25
жаш экен колдойлулу. жаштарга мумкунчулук тузуш керек
+3
Avrora2017
2019-05-24 21:04:05
Бул кыйын бала экен соз жок, эмгекчил аракетчил, азамат , ушундай жигиттер коп болсун
+3
aslan_akjol89
2019-05-25 15:24:35
Иним,министр болсом алдыга жылдырам дейсин,анын жакшы.Бирок,депутаттар бюджет жагынан колдобой коюп иш кылбады атка конуп каларын турган иш да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан