Бүгүн, 14-июнда Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт. Мындан улам өлкө лидерлери Кыргыз мамлекетине четинен учуп келишти.
12-июнда Кыргыз өлкөсүнө Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга расмий иш сапары менен келди. Аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды. Boeing 737-800 учагы менен учуп келген Баттулга Кыргыз жергесине биринчи жолу келиши.
12-июнда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз өлкөсүнө Boeing 747-800 учагы менен келди. Цзиньпинди президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.
Кечээ, 13-июнда Ооганстандын президенти
Мохаммад Ашраф Гани Кыргыз өлкөсүнө мамлекеттик иш сапары менен
Boeing 737-300 учагында келди. Аны "Манас" эл аралык аэропортунан вице-премьер-министр
Замирбек Аскаров тосуп алды.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди 13-июнда Кыргыз өлкөсүнө Boeing 747-400 учагы менен келди. Модини өлкөнүн вице-премьер-министри Замирбек Аскаров тосуп алды.
Өзбекстандын президенти
Шавкат Мирзийоев дагы Кыргыз мамлекетине 13-июнда
Boeing 767-300 үлгүсүндөгү учак менен учуп келди. Аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.
Жакында Казакстандын президенти болуп шайланган Касым-Жомарт Токаев Кыргыз өлкөсүнө 13-июнда келди. Бул анын президент катары Кыргыз мамлекетине жасаган алгачкы иш сапары болду. Казакстандын президентин "Манас" эл аралык аэропортунан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды. Токаев Airbus A321-211(CJ) үлгүсүндөгү учак менен келди.
Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри Имран Хан 13-июнда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына Gulfstream 450 менен келди. Аны "Манас" эл аралык аэропортунан вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тосуп алды.
Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин 13-июнда расмий иш сапары менен Бишкекке келди. Аны "Манас" эл аралык аэропортунан өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Мамлекет башчыларынын эки тараптуу жолугушуусу аэропортто болду. Владимир Путин Ил 96 үлгүсүндөгү учак менен келди.
13-июнда Беларусь мамлекетинин президенти Александр Лукашенконун учагы "Манас" аэропортуна келип конду. Аны Boeing 767-300 учагынын бортунан Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.
Ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде байкоочулук милдетти аткара турган Иран Ислам мамлекетинин президенти Хасан Рухани Airbus А 340-300 үлгүсүндөгү учак менен келди. 13-июнда келген конокту премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.
Акыркы болуп Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн коңшу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 14-июнда келди. Boeing 737 учагы менен келген тажик лидерин да тосуп алуу милдетин Мухаммедкалый Абылгазиев аткарды.