"Чет өлкөдө жүрдүм, паспортумду көрсөтөйүнбү?". Канат Исаев депутат менен чыр-чатагы боюнча үн катты

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев кесиптеши Бакытбек Жетигенов менен мушташпаганын SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, ал чет өлкөдө жүргөнүнө байланыштуу парламенттеги отурумдарга келбей жүргөн. "Эч кандай мушташ болгон жок. Ортобузда чыр-чатак гана чыккан. Иш бөлмөдө Мамлекеттик күзөт кызматынын өкүлү турганда биз мушташмак белек? Ишенбесеңер бетимдин күйгөнүн карасаңар же паспортумду көрсөтөйүнбү?" деди Исаев.

Буга чейин 12-июнда Канатбек Исаев Жогорку Кеңештин жыйынында трибунага чыгып, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүнө карата 15 мүнөттөй сөз сүйлөгөн. Ошол сөзүндө "Алмаз Бокушевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсүн алып келип туруп, КСДПнын тизмеси менен депутат кылды" деп айткан. Исаевдин бул сөзү депутат Бакытбек Жетигеновго даректелгени жоромолдонуп жаткан болчу. Мындан улам экөө мушташып кетти деген сөз тараган.

17-июнь күнү Жетигенов эл өкүлү Канатбек Исаев менен мушташпаганын SUPER.KG порталына айтып берди. "Ошол күнү Канатбек Исаевдин кабинетине барганым чын. Мындай эле бир маалыматты тактап алайын деп баргам. Эч кандай мушташ болгон жок" деген Жетигенов.

Канатбек Исаев мушташтын болгондугу же болгон эместиги тууралуу комментарий бербей жүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nur777
2019-06-25 14:33:56
Бетиндеги синяктар кеткенден кийин чыкты жумушка,а так Жетигенов мунун тумшугун кандаганы чын да)
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан