Декларация: ЖКнын депутаты Ыргал Кадыралиева "айлыктан башка эч нерсем жок" дейт
Мамлекеттик кадр кызматы учурда көптөгөн аткаминерлердин жылдык кирешеси жана үй-мүлкү тууралуу тапшырган декларацияларын жарыялоодо. Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиева да декларация тапшырып, 2012-жылы 782 407 сом киреше тапканын белгиледи. Унаасы, үй-мүлкү тууралуу маалымат жазылган эмес документте. Кадыралиеванын жакындарынын кирешеси, мүлктөрү тууралуу да маалымат берилбептир.