Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча Кой-Таш айылында жүргүзүлгөн операциялар боюнча 1700 жарандын колу коюлган арыз Башкы прокуратурага жөнөтүлдү. Бул тууралуу КСДПнын мүчөсү Темирлан Султанбеков билдирди.
Билдирүүгө ылайык, арыз кечээ, 9-сентябрда жөнөтүлгөн. Арызда Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы бир нече мыйзам бузуулар менен коштолгондугу тизмектелген.
"Күтүүсүздөн беткапчан, жоокер кийимин кийген адамдар эскертүүсүз Атамбаевдин үйүнүн короосуна кирип келип тынч калкка ок чыгарды. Ок тийгендердин жана сабалгандардын арасында жөнөкөй жарандардан тартып белгилүү мамлекеттик, саясий ишмерлер да бар", - деп жазылган арызда 7-8-август күндөрү Кой-Таштагы окуяда жабыркагандардын тизмеси жана алган жаракаттары белгиленген.
Мындан улам арыздануучулар бул факты боюнча беткапчан кирип келген аскер адамдарга карата Кылмыш-жаза кодексинин "Саламаттыкка оор зыян келтирүү", "Саламаттыкка жеңил залал келтирүү", "Турак жайдын кол тийбестигин бузуу" боюнча кылмыш иши козголушу керектигин өтүнүшкөн. Мындан тышкары, жаракат алгандарга жардам көрсөтүлбөгөндүгү үчүн "Кооптуу учурда кароосуз калтыруу", "Жардам көрсөтпөө", "Барымтага алуу" беренелери менен да иш козголушу керек деп жазылган.
"Кийинчерээк бет капчандар "Альфа" атайын багыттагы кызматтын аскерлери экени белгилүү болду. УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев бул операция тууралуу төрт эле киши билгендигин билдирди. Демек, үйгө беткапчан кирип келгендер өздөрү да эмне кылып жатышканын түшүнүшкөн эмес. Буга байланыштуу Опумбаев тез аранын ичинде суракка алынышы керек деп эсептейбиз.
Опумбаев жана операция тууралуу билген делинген төрт киши кылмыш жоопкерчилигине тартылсын. Ошол күнү Кой-Ташта электр жарыгы жана интернет байланыш толугу менен өчүрүлүп, жарандардын укугу бузулган. Буга жооптуу адамдарга да чара көрүлүшү керек.
8-августта Атамбаевди кармоо операциясы улантылып, ал күнү жайыт өрттөлдү. Мал баккан жергиликтүү калкка бир топ зыян келтирилди. Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан ар кандай каражаттар туш келди ыргытылып, башка үйлөрдүн да терезелери сынган. Тынч жүргөн элдин унаалары талкаланган. Бул фактылар да иликтенип, тиешелүүлөргө карата кылмыш иши козголбосо, биз Кылмыштуулук боюнча эл аралык сотко кайрылабыз", - деп жазылат арызда.
Ошондой эле анда операциядан кийин ар кандай шылтоолор менен Атамбаевдин тарапташтарына басым менен сурак жүргөнү, Атамбаевдин өзүн кармоо мыйзамды бузуу экени белгиленген.
"Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып аны кармоо операциясын өзү жетектеп, ушул ыкманы тандаганын айтты. Ал элге каршы, мыйзамсыз операция. Мындан улам УКМКнын төрагасы Опумбаевге, "Альфанын" башчысына, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге кылмыш иши козголуусун талап кылабыз. Сооронбай Жээнбековдун бул боюнча иш-аракетине юридикалык баа берилип, мамлекеттик кылмыштуулук боюнча айыпка тартылып, импичмент процедурасы башталышы керек. Андан тышкары, бул окуялардагы сиздин иш-аракетиңиз бүт тараптан тыкыр каралышын, өзүңүздүн отставкага кетишиңизди сурайбыз", - деп жазылган арызда.